Гусандар

Википедия дан

Гусандар — байыркы жана орто кылымдагы армян эл ырчылары.

Алгач Гисанэ кудайдын храмында кызмат кылгандар, ал эми эллинизм доорунда тамашалуу жана шылдыңкор оюндарга катышкандар Гусандар деп аталган. Байыркы армян адабий эстеликтеринде гусан ырлары жөнүндө маалымматтар сакталган.

Гусандар муз. аспантардын коштоосу менен ырдашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.