Ыр

Wikipedia дан

Ыр– белгилүү бир ыргак менен айтылуучу, поэзиянын талабы менен түзүлгөн сөз тизмектери. Ыр өз мыйзамдарына ылайык рифмага, ритмге, интонацияга, синтаксиске ээ. Ырдын мындай касиеттери, өзгөчөлүктөрү аны кара сөздөн айырмалап турат. Кыргыз тилинде ыр негизинен үч мааниде колдонулуп, орус тилиндеги “стих”, “стихотворение”, “песня” деген терминдердин маанилерин туюнтат. Ырдын прозадан айырмаланып турушу анын туруктуу ритмикалык курулушуна, муун өлчөмүнө жана кайталанган уйкашына байланыштуу.

[оңдоо] Колдонулган адабият

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004

[оңдоо] Шилтеме:

http://kyrgyzinfo.ru

Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде