Гуштини милли камарбанди — 2018 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында

Википедия дан

2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде гуштини милли камарбанди (тажик күрөш) боюнча мелдештер старт алды. Анда жалпы 27 спортчу 3 салмак категорияда күч сынашты. 68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Марлен Абдрасулов алтын медалга ээ болсо. Күмүш медалдын ээси түркмөнстандык Бегенч Ягмуров болду. 82 килограммга чейинки салмак ченинин финалында кыргыз балбаны Серикбай Аманилла уулу менен орусиялык Артур Зулкарнаев кез келди. Кызуу беттештин жүрүшүндө 6:1 эсеби менен орусиялык балбан алтын медалдын ээси аталды. Күмүш медалды кыргыз балбаны тагынса, коло медалдарды тажикстандык жана түркмөнстандык балбандар тагынышты. Абсолюттук салмак ченинин финалында түркмөнстандык Аннамурад Мурадов менен монголиялык Гонгор Пурефбаатор күрөштү. Беттештин алгачкы секунддарынан эле түркмөн балбаны атаандашын таза жеңиш менен утуп алды.

Медалдар жыйынтыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Орун   Өлкө  Алтын Күмүш Коло Жалпы
1  Кыргызстан (KGZ) 1 1 0 2
2  Орусия (RUS) 1 0 0 1
3  Түркмөнстан (TKM) 0 1 1 2
4  Тажикстан (TJK) 0 0 1 1
Total 0 0 0 0

Медалчылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Категориясы Алтын Күмүш Коло
68 кг
Марлен Абдрасулов
 Кыргызстан
Бегенч Ягмуров
 Түркмөнстан
?
?
82 кг
Артур Зулкарнаев
 Орусия
Серикбай Аманилла уулу
 Кыргызстан
?
 Тажикстан
?
 Түркмөнстан