Гюйгенс, Xёйгенс Христиан

Википедия дан
Христиан Гюйгенс
Christiaan Huygens
Илимиий чөйрөсү:

{{{Илимиий чөйрөсү}}}

Иштеген жери:

Француз Илимдер Академиясы

Альма-матер:

Лейден университети

Илимий жетекчиси:

Франс ван Схотен
Jan Jansz de Jonge Stampioen

Белгилүү шакирттери:

Готфрид Лейбниц, Дени Папен

Таанылган атагы:

Теоретикалык механиканын негиздөчүлөрүнүн бири

Гюйгенс, Xёйгенс Христиан (14. 4. 1629, Гаага —8. 7. 1695, ошол жерде) — нидерланд механиги, физик жана математик, жарыктын толкун теориясын түзүүчүлөрдүн бири.

Лондондогу королдук коомдун биринчи чет элдик мүчөсү (1663-жылдан). Ал Лейден жана Бреда университетинен укук жана математика боюнча билим алган. Гюйгенс 22 жашында айлана, эллипс жана гипербола жааларынын узундугун аныктоо боюнча эмгегин жарыялаган.

«Айлананын чоңдугун аныктоо жөнүндө» (1654) деген эмгеги айлананын узундугунун диаметрге катышын аныктоо теориясына чоң салым болгон. Өз ойлоп тапкандарын «Маятниктүү сааттар» (1658) деген эмгегинде сыпаттап жазган.

Гюйгенс 1665-ж. Франция ИАсына башчылык кылууга Парижге чакырылган (1665—81). Гюйгенс 1681-ж. өз мекенинде оптика боюнча иштерин улантып, аларды «Жарык жөнүндө трактат» (1960) деген эмгегинде жыйынтыктаган. Мында биринчи жолу жарыктын толкун теориясы оптикалык кубулуштарды түшүндүрүүдө колдонулган. Бул трактаттын 5-главасында исланд шпатынын кристаллында байкалган жарыктын эки багытка сынуу кубулушу, оптикалык бир октуу кристаллдарда сынуунун классикалык теориясы түшүндүрүлгөн. Кийин бул эмгекке кошумча иретинде «Оордуктун себептери жөнүндө» деген эмгек жазып, анда бүткүл дүйнө тартылуу законун ачууга жакындап келген.

Гюйгенстин акыркы трактаты «Космотеорос» (1698) көзү өткөндөн кийин басылып чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]