Гүлназ Жүзбаева

Википедия дан
Гүлназ Жүзбаева
Туулган күнү

12-октябрь, 1983-жылы

Жарандыгы

Кыргызстан

Ишмердүүлүгү

Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист

Сыйлыктары

Британиянын BBC басылмасы 2020-жылдагы эң таасирдүү, перспективдүү жана үмүт жараткан «100 айымдын» тизмесине кирген

Башка маалымат

2023 жылы өткөн Пара Азия оюндарында 1,5 чакырым аралыктыга жарышка катышып коло байгеге ээ болгон.

Гүльназ Жүзбаева (12.10.1983) – Кыргызстанда Көзү азиздер федерациясынын башчысы, активист. Ɵкмөттүк документтердин Брайл шрифине өткөрүүгө тынымсыз аракет кылып, көзү азиздердин социалдык адаптациясы боюнча программаны ишке ашырганы үчүн Британиянын BBC басылмасы 2020-жылдагы эң таасирдүү, перспективдүү жана үмүт жараткан «100 айымдын»[1] тизмесине кирген[2]. Кытайдын Ханчжоу шаарында 2023 жылы өткөн Пара Азия оюндарында 1,5 чакырым аралыктыга жарышка катышып коло байгеге ээ болгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күйөөсү Жалалидин Абдувалиев параспортчу. Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азиянын параоюндарында жеңил атлетикадан Жалалидин Абдувалиев эки күмүш медал жеңди. Жубайлар спорттон сырткары көзү азиздер үчүн атайын курстарды өтүп, аларды өз алдынча жашоого үйрөткөн окуу борборун ачкан.[3]Жубайлардын бир уулу бар

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гүлжан Турдубаева. Парижди мелжеген параолимпиадачы жубайлар. Азаттык, 7-Декабрь, 2023.

Динара Акимова. Жалаладин Абдувалиев, Гүльназ Жүзбаева, параспортчулар: «Башында бизге эчким ишенген эмес». SUPER.KG порталы. № 1091, 3-9-ноябрь, 2023-ж.

Адилет Асанов. Кытайдагы Пара Азия оюндарына катышкан спортчулар Бишкекке келишти. BULAK.kg, 31.10.2023

Көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Пара Азия оюндарында коло утту. REPORTER.KG маалымат агенттиги, 25.10.2023

Канымгүл Элкеева, Бексултан Абибакир уулу. 100 таасирдүү айымдын бири Гүлназ. Азаттык, 7-Ноябрь, 2020

Кыргызстандык активист BBCнин «Жылдын 100 айымы» тизмесине кирди. Азаттык, 24-Ноябрь, 2020

«100 айым»: кыргызстандык Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында, ВВС Кыргыз кызматы, 24 ноябрь 2020

Гүлназ дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын катарында. ВВС News Кыргыз Кызматы, 6 дек. 2020 г.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.bbc.com/kyrgyz/world-55045167
  2. https://www.bbc.com/kyrgyz/world-55057828
  3. https://www.super.kg/article/show/60409