Дагыр
Дагыр (моңг. дахур — кара кытайлардан калган уруунун аты) — этноним. "Манас" эпосунда душман тарабындагы (калмак-кытай) эл (уруу) (Сагымбай Орозбаков, 3. 261). 17-кылымга чейин Амур өзөнүнүн бойлорунда жашаган. 1654-ж. айрым бөлүгү Дун-Бэй провинциясына көчүрүлгөн. Бир бөлүгү ички Моңголияда жашайт. 18-кылымдын экинчи жарымында Цин империясы тарабынан чек ара аскери катары бир бөлүгү солон, шибе уруулары менен бирге Синьцзянга (Уйгур автономия району) зордоп көчүрүлгөн дахурлардын атына дал келет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|