Даекчи

Википедия дан

Даекчи – даекти сарптоо, бөлүштүрүү үчүн атайы кеңеште тандалган, толук ишенчилик көрсөтүлгөн калыс адам. Ал калыстыгы менен элге жаккан, элдин адат-салтын, турмушун, жорук-жосунун, чарбачылыкты, элдик оюн-зоокторду жакшы билген, сөзмөр, эпчил, нускалуу адам болгон. Мисалы, сүннөт жана башка тойдогу бүт киреше-чыгаша даекчинин колунан өткөн. Ким, эмне, канча алып келгени, кимге, эмне, канча берилгени, кайсы оюнга кандай байге коюлганы даекчинин эсебинде, калыс адилдигинде болгон. Албетте, таарыныч, нааразылык болбосун үчүн даекчи тиешелүү кишилер менен кеңешип турган. Даекчи куда катышындагы тойлордо кийит, сеп, белек, калың камдоодо жана аны бөлүштүрүүдө өзгөчө ролду ойногон. Даекчилик аяктаганда, ага өзгөчө сый көрсөтүлгөн. Атагы чыккан мыкты даекчилерди башка уруудагы той, аштарга да чакырышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия