Дарактан секирип түшүү

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши, Оюн өткөрүлүүчү жер: дарактуу жай. Оюнга даярдануу. Бутактуу дарак тандалып алынган соң, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден дарактын белгиленген бутагына чейин чыгышып, ал жерден секирип түшүү керек. Даракка чыгып, секирип түшүш үчүн аз убакыт кетирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү. Дубалдан секирип түшүү, аттан секирип түшүү ж, б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир убакытта бирден ашык киши оюнга катышууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, секирип түшчү жерде туруп алууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Секирип түшчү жер жумшак жана ыңгайлуу болушу керек,

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, тырышчаактык, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]