Демократиялык принциптер

Википедия дан

Демократиялык принциптер - демократтык саясий режим негиздеген принциптер.

Демократия өзүнүн өнүгүшүндө бир катар принциптерди иштеп чыккан. Биринчи кезекте бул - элдик бийлик, эл бийликтин булагы, бийлик ал тарабынан тикелей же өкүлчүлүк формасында ишке ашырылат. Кеңири тараганы өкүлчүлүк формасындагы принцип, ага ылайык жарандар мыйзам чыгаруучу бийликти жана аткаруучу бийликти шайлашат.

Демократиялык принциптердин кийинкиси - чечимдердин көпчүлүк добуш менен кабыл алынышы. Мындан азчылыктын укугун коргоо принциби келип чыгат. Азчылык оппозиция түзүү укугуна ээ болууга тийиш. Жарандардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу Демократиялык принциптердин бирине кирет. Бул бийликтин бөлүнүшүнө негизделген укуктук мамлекет учурунда гана толук мүмкүн болот. Демократиянын жана укуктук мамлекеттин даты бир принциби - бул мыйзам алдында жарандардын теңдиги. Саясий атаандаштык жана плюрализм Демократиялык принциптердин бири, бийликке умтулган көптөгөн партиялар өздөрүнөн ар түрдүү программалары жана максаттары менен чыгышат. Шайлоо тууралуу атайын мыйзамдарга ылайык иштеген партиялар эркин, мезгилдүү, жалпы жана жашыруун шайлоолордун жыйынтыгында мамлекеттик жогорку бийликте бирин-бири алмаштырып турат. Маалымдуулук принциби - демократиянын алмаштыргыс шарты. Ар бир адам өз оюн айтууга жана өзгөчө көз карашы үчүн куугунтукка алынбашы керек. Массалык маалымат каражаттары өкмөттүк цензурадан эркин болот. Чыдамкайлык принциби, аң-сезимдүү прагматизм, кызматташтык жана компромисс - демократиянын негизги принциптерине кирет.

Демократиялык принциптер өтө эле көп. Демократиялык принциптердин бардыгы ишке ашкан бир да өлкө жок. Демократиялык принциптер. - бул демократиянын модели, идеал, демократтык өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр бул идеалга жетүүгө аракет кылышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8