Дефолиация

Википедия дан

Дефолиация - мехканикалык жол менен түшүм жыйноону женилдетүү үчүн өсүмдүктүн жалбырагын түшүрүү.

Ага химиялык дефолианттар чачылат. Мында жалбырактагы хлорофиллдин саны азайып, органикалык заттардын пайда болуу процесси токтолот; өсүмдүк соолуйт. Дефолиацияны жалбырак табигый куурап түшө баштаганда өткөрүү жакшы натыйжа берет. Дефолианттардын кээ бири (цианамид кальцийи, эркин цианамид ж. б.) өсүмдүктүн тканы менен жалбырагын жай кууратса, экинчисп тез кууратат.

Өсумдүккө сиңген хим. зат жалбыракты тез түшүрүп, чанактардын жетилишин тездетет. Дефолиация гозолордогу 1-3 чанак ачылгандан кийин жүргүзүлөт. Андан эрте колдонгондо азык заттардын жогорку, али калыптана элек ча- нактарга барышы токтолот, ошондуктан гозонун түшүмү төмөндөп, буланый жана чигиттин сапаты начарлайт.

Дефолиация алма, алмурут, жүзүм ж. б. мөмө- жемиш өсүмдүктөрүнө да колдонулат. Бул иште чарбаларга жарандык авиация чоң көмөк көрсөтүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.