Жалбырак

Википедия дан
Жалбырак.

Жалбырак (лат. folium, гр. phyllon) - татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги органдарынын бири. Ал фотосинтез, транспирация жана газ алмашуу процесстерин ишке ашырат. Ал өсүмдүктүн сабагында түрдүүчө (кезектеш, тушташ жана башка) жайгашатемир жол пластинкадан жана саптан турат. Айрым өсүмдүктөрдүн жалбырак сабы болбойт, алар сапсыз жалбырактар деп аталат (дан өсүмдүктөрү, эрин гүлдүүлөр). Кээ бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, чатырдуулардын, дан өсүмдүктөрүнүн жалбырактарынын негиз (түп) жак бөлүгү жазы келип, сабакты аздыр-көптүр курчап тургандыктан, жалбырак кучагы делет. Жалбырактын өлчөмү ар түрдүү; көпчүлүк өсүмдүктөрдүкү узундугу 3-10 см; кай бир тропик өсүмдүктөрдүкү өтө чоң болот. Мисалы, рафия пальмасынын жалбырактарынын сабы 4-5 м, пластинкасынын узундугу 20 м, туурасы 12 ,«ге жетет. Кыргызстандын флорасында чоң жалбырак даракта эмес чөп өсүмдүктө (балтыркан) кездешет. Морфологиялык түзүлүшүнө байланыштуу жалбырактын көп түрү бар. Алар жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Вир эле пластинкадан жана саптан турганы жөнөкөй, ал эми башкы жалбырак сабы жана ага жайгашкан экинчи, үчүнчү иреттеги каптал жалбыракчалуулар татаал деп аталат. Анда жалпы жалбырак сабында экиден же андан көп жалбырак жайгашат. Жалбырак санына жараша үчүлүк (беде), манжадай, канаттай татаал болуп да бөлүнөт. Пластинкасынын формасына, кырынын түзүлүшүнө, тарамыштануусуна жараша Ж. түрдүүчө болот. Жөнөкөй жалбырак жээгинин түзүлүшүнө жараша бүтүн, айчыктуу, тилкелүү, терең тилкелүү, сүйрү, жүрөктөй, тегерек, жебе, канаттай жана башка болуп айырмаланат. Бүтүн жээктүүнүн пластинкасы бөлүнбөйт, айчыктуу жалбырактын пластинкасы жазы бөлүктөргө бөлүнөт. Андан тышкары жалбырактын түктүү, түксүз, бырыштуу, жылмакай, калың жана жука түрлөрү да учурайтемир жол түрдүү түзүлүшгө болсо да, анатомиялык түзүлүшү окшош. Астыңкы жана үстүңкү эпидермадан туруп, ортосунда хлоренхимадан түзүлгөн негизги ткань мезофилл жайгашкан. Көпчүлүк өсүмдүктө эпидерманын сырт жаккы бети кутикула, анын сыртында мом катмары, түтүктөр жайгашкан. Алар жалбырактын кургакчылыкка чыдамдуулугун арттырып, тышкы таасирден коргойт. Эпидермадагы үттөр аркылуу жалбыракта тышкы чөйрө менен газ алмашуу, транспирация жүрөт. Мезофилл хлоропласттарга бай, анда майда өткөргүч боочолор (тарамыштар) жайгашат. Эволюциялык өрчүү маалында аткарган функцияларынын өзгөрүшүнөн улам кээ бир өсүмдүктөр жалбырактарынын түрүн өзгөрткөн. Мисалы, пияз менен капустанын жалбырактары азык-зат топтоочу органга айланган. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары 6 айга жакын турат, вегетация мезгили бүтөрү менен кургайт, ал эми дайыма жашыл өсүмдүктөрдүкү бир нече жыл өсүп, бир кылка эмес, түрдүү мезгилде түшүп, жаңыланып туратемир жол сабакка жарык көбүрөөк түшкүдөй болуп жайгашат (к. Жалбырак жайгашуу). Өсүмдүктүн өсүшү жана продукттуулугу жалбыракта өтүүчү фотосинтез процессинде пайда болгон заттардын санына жана сапатына жараша болот. Өсүмдүктөрдүн вегетациялык көбөйүүсүндө да жалбырактын мааниси чоң. Көп өсүмдүктөрдүн жалбырактары тамак (козу кулак, ашкөк, капуста, пияз жана башка) жана тоют катары колдонулат. Алардан дарыдармек, парфюмерия, кондитер жана тамак-аш өнөр жайына керектелүүчү эфир майлары да алынат.

Жалбырактын анатомиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалбырак төмөнкү ткандардан турат:

  • Эпиде́рмис —Клеткалардын калың катмары, суулардын бууланышынан коргоп турат. Көпчүлүк учурларда эпидермис (Кутикула) түктөрү менен капталып турат.
  • Мезофи́лл, же паренхи́ма — ички хлорофиллдүү ткан, негизги функциясы — фотосинтез.
  • Тарамыштар, өткөргүч боочолордон турат. Кызматы суу менен кошо түрдүү заттарды туз, кантты өсүмдүктүн башка органдарына өткөрүп берип турат.
  • Үттөр — газ алмашууга катышкан атайын клеткалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5