Диарея

Википедия дан
Диарея (2004).

Диарея (гр. diarrhtō – агам), ич өткөк – тез-тез суюк заңдоо. Диареяөз алдынча оору болбостон, көптөгөн патология процесстердин белгиси катары пайда болуп, ага дизентерия, тамак-аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит жана башка), ошондой эле карын менен уйку безинин маңызы жетишсиз болгондогу тамак сиңирүүнүн бузулушу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым кишиде катуу кайгырганда, корккондо, кээ бир тамак-ашты (сүт, жумуртка, жашылча-жемиш) сиңире албаганда да болушу мүмкүн. Диарея лабораториялык, бактериологиялык, рентгендик жана эндоскопиялык изилдөөлөр менен аныкталат. Оорулуу айланасындагыларга жуктуруу коркунучунда гана ооруканага жаткырылат. Өз алдынча дарыланып, антибиотиктерди колдонуу оорунун белгилерин чаташтырып, туура диагноз коюуга тоскоол болот жана дарттын кабылдап кетишине алып келет. Алдын алууда тамактануу тартибин, жеке гигиенаны туура сактоо (идиш-аякты, тишти таза кармоо), ичеги-карын оорусун алдын алуу жана дарылоо зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1