Диндик аскетизм

Википедия дан

Диндик аскетизм (грек. aske – бир нерсеге машыккан ) – даанышман өмүр сүрүүгө жана материалдуу дүйнөнүн ыпластыктары менен азгырыктарынан алыс болуу аркылуу күнөөдөн кутулууга умтулган динчил адамдардын турмуш-тиричилигинин формасы.

Диндик аскетизм кийинки антикалык-мезгилде байкалып, киниктер, стоиктер, христиан кечилдери, сопулар ж. б. үчүн мүнөздүү болгон. Диндик аскетизмде мистикалык сезимге, туюмга негизделген нравалык Аскетизм кудайга ылайыкташуунун өбөлгөсү катары каралат. Христиан дини өз учурунда аскеттик жашоонун диний-мистикалык жагдайын Кудайды тануунун жолу ирээтинде кабыл алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8