Диплодиоздор

Википедия дан
Diplodia pycnidia.

Диплодиоздор - өсүмдүктүн Diplodia грибогу пайда кылуучу илдеттери.

Буларга көбүнчө жүгөрү менен цитрус өсүмдүгү чалдыгат. Мында жүгөрү сотосун ак кебер каптап, даны кара күрөң тартып, сабагында, тамырында жана жалбырагында кара күрөн так пайда болот.

Диплодиоздор үрөн жана өсүмдүк чириндиси аркылуу тарайт. Диплодиоздордо түшүм азайып, дан сапаты, үрөндүн өнүмдүүлүгү начарлайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.