Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясы

Википедия дан


Дипломатиялык карым-катнаштар жөнүндө Вена конвенциясы[1] — эл аралык дипломатиялык байланыштар жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн укуктук негиздери тууралуу конвенция. 1961-жылдын 18-апрелинде Венада кабыл алынган. Вена Конвенциясы дипломатиялык байланыштарды түзүү жана токтотуунун тартиби, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу жана алардын функциялары тууралуу маселелерди жөнгө салат, конвенцияда дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы жана анын кызматкерлерин аккредитациялоо эрежеси, дипломатиялык иммунитеттердин көлөмү жана артыкчылыктары аныкталган. Конвенция боюнча дипломатиялык өкүлчүлүк жайгашкан имарат жана андагы кызматкерлер өз өлкөсүнүн гана мыйзамдарына баш ийишет. Жергиликтүү мамлекет башчылары элчилик орун алган имаратка элчинин уруксаты менен гана кирүүгө укугу бар. Азыркы учурда Вена Конвенциясына дүйнөнүн 170тен ашык мамлекети мүчө.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги №162 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө тартиби жөнүндө жобо