Диэлектриктерди тешип өтүү

Википедия дан

Диэлектриктерди тешип өтүү (катуу заттарда) - диэлектрикке берилген электр талаасынын чыңалуусу белгилүү чоцдуктан ашкан учурда заттын диэлектрик касиетинин жоюлушу.

Ар бир диэлектрик белгилүү шартта жана чыңалууда туруксуз абалга өтөт да, анын электр өткөрүмдүүлүгү тез көбөйөт. Диэлектрик өткөргүч абалга өткөн учурдагы электр талаасынын чыңалуусу тешип өтүүчү чыңалуу, ал эми кубулуштун өзү Диэлектриктерди тешип өтүү деп аталат.

Абадагы электр учкуну жана газдардагы электр разряддар да Диэлектриктерди тешип өтүүге кирет. Тешип өтүү чыңалуунун чоңдугу - электроизоляциялык материалдардын электр бекемдик чени. Мсиалы., жука катмардагы слюда үчүн тешип өтүү чыцалуусу 10 в (см ге жакын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.