Дональд Трамп
Доналд Трамп англ. Donald Trump | |||
| |||
---|---|---|---|
20-январь 2017 — 20-январь 2021 | |||
Өкмөт башчысы: | Майк Пенс | ||
Андан мурунку: | Барак Обама | ||
Андан кийинки: | Жо Байден | ||
Жарандыгы: | АКШ | ||
Туулган жылы: | 14 -июнь 1946 (78 жаш) | ||
Туулган жери: | Куинс, Нью-Йорк, АКШ | ||
Атасы: | Фред Трамп | ||
Апасы: | Мэри Маклауд | ||
Жубайы: | Ивана Трамп (1977—1991) Марла Мейплз (1993—1999) Меланья Трамп (2005 жылдан) | ||
Балдары: | Доналд Трамп кич. (т.ж. 1977) Иванка Трамп (т.ж. 1981) Эрик Трамп (т.ж. 1984) Тиффани Трамп (т.ж. 1993) Бэррон Трамп (т.ж. 2006) | ||
Партиясы: | Республикалык (1987—99; 2009—11; 2012 жылдан тарта)[1] Реформ (1999—2001) Демократиялык (2001—09)[2] Көз карандысыз(2011—12) | ||
Билими: | Пенсильвания университети | ||
Ишмердүүлүгү: | бизнесмен, саясатчы | ||
Сайты: | http://donaldjtrump.com | ||
Автограф: | |||
Доналд Жон Трамп (англ. Donald John Trump; 14-июнунь 1946-жыл,Куинс, Нью-Йорк, АКШ) — амеркалык бизнесмен жана саясатчы, АКШнын 45-президенти.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Толук аты-жөнү - Доналд Жон Трамп. 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорктун Куинс аймагында төрөлгөн. Ишкер жана саясий ишмер. Атасы Фредерик Трамп куруучу болуп иштеген. 13 жашынан тарта Доналд Трамп Аскердик академияда тарбияланган. Академиядан кийин Пенсильвания университетинин алдындагы Уортон бизнес-мектебин 1968-жылы бүтүргөн. ЖОЖду аяктагандан кийин атасынын компаниясында ишин баштап, 1975-жылы компаниянын президенти болгон. Өз алдынча ишке ашырган алгачкы долбоору - Манхэттенде курган бизнес-борбору. Трампты көпчүлүккө атактуу кылган долбоорлордун бири 1982-жылы ачылган Нью-Йорктогу 58 кабаттуу Trump Tower имараты. Анын Trump Parc, Trump Palace, Trump Plaza деген башка долбоорлору да белгилүү. АКШнын Лас-Вегас, Чикаго, Майами, Вашингтон шаарларында, Гавайи аралдарында, Панама, Торонто шаарларында мейманканалары бар.
2005-жылы Donald J. Trump Signature Collection деген аталышта кийимдер тармагын ишке киргизген. Бизнес жаатында бир катар китептердин автору. 2015-жылдын 16-июнунда Доналд Трамп президенттикке ат салышарын расмий жарыялаган. 2016-жылдын июлунда АКШнын Республикачыл партиясынын курултайында анын талапкерлиги бекитилген.
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Трамп 5 баланын атасы, учурда үчүнчү аялы менен жашайт. "Forbes" журналынын версиясы боюнча анын материалдык байлыгы 4,5 миллиард доллар. АКШдагы эң бай адамдардын катарында 113-орунда турса, дүйнөдөгү эң бай адамдардын арасында 324-орунда.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The man responsible for Donald Trump's never-ending presidential campaign – News Local Massachusetts. Boston.com (January 22, 2014). Retrieved October 21, 2015.
- ↑ Bush says Trump was a Democrat longer than a Republican 'in the last decade' | PolitiFact Florida. Politifact.com. Retrieved October 21, 2015.
АКШ президенттеринин тизмеси | |
---|---|
1—10 (1789—1845) | Жорж Вашингтон • Жон Адамс • Томас Жефферсон • Жеймс Мэдисон • Жеймс Монро • Жон Куинси Адамс • Эндрю Жексон • Мартин Ван Бюрен • Уильям Гаррисон • Жон Тайлер |
11—20 (1845—1881) | Жеймс Нокс Полк • Закари Тейлор • Миллард Филлмор • Франклин Пирс • Жеймс Бьюкенен • Авраам Линкольн • Эндрю Жонсон • Улисс Грант • Ратерфорд Хейс • Жеймс Гарфилд |
21—30 (1881—1929) | Честер Артур • Гровер Кливленд • Бенжамин Гаррисон • Гровер Кливленд • Уильям Мак-Кинли • Теодор Рузвельт • Уильям Тафт • Вудро Вильсон • Уоррен Гардинг • Калвин Кулиж |
31—40 (1929—1989) | Герберт Гувер • Франклин Рузвельт • Гарри Трумэн • Дуайт Эйзенхауэр • Жон Кеннеди • Линдон Жонсон • Ричард Никсон • Жеральд Форд • Жимми Картер • Рональд Рейган |
41—46 (1989 — азыркы учурга чейин) | Жорж Герберт Уокер Буш • Билл Клинтон • Жорж Уокер Буш • Барак Обама • Дональд Трамп • Жо Байден |