Доор Медиа коомдук фонду

Википедия дан
Доор Медиа
Өлкөсү Кыргызстан желегиКыргызстан, Бишкек
Түзүлгөн датасы
Интернеттеги сайты http://doormedia.kg/

Доор Медиа (коомдук фонду) - аталган фонд кесипкөйлөрдүн демилгеси астында түзүлүп, Массалык Маалымат Каражаттарынын чыгармачылыгынын өнүгүшүн колдоо максатында бир катар долбоорлорду колуна алып иштеп келе жатат. Айрыкча Кыргызстандагы теле өндүрүштү жакшыртуунун үстүндө. Фонддун машыктыруучулары тарабынан түрдүү семинар- тренингдер, чеберчиликке үйрөтүүчү класстар уюштурулат. Мындай иш-чаралар катышуучуларды ылгабайт. Көпчүлүк семинар-тренингдин катышуучулары, машыктыруучулар бүгүнкү күндө өлкөдөгү телекомпанияларда иштеп, мамлекеттик түрдүү кызматтарды ээлешет. Мындай иш-чараларга көз карандысыз студиялардын долбоорлору катыша алат. Андан сырткары, видео материалдарын интернетке жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Фонддун чыгармачылык өнүгүү багыты “Мамлекеттик органдардын ММКлар менен иш алып баруусу” жаатында алгылыктуу иштерди жасап жатат. (Бирге аракеттешүү, өз алдынча материал даярдоо, пресс-конференцияларды уюштуруу жана башка ушул сыяктуулар).

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Доор Медиа» коомдук фонду бир нече конкурстарга катышып көптөгөн сыйлыктардын ээси катары табылган.

[1](жеткиликсиз шилтеме)

Өндүрүмдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Куш Кабар» маалымат, таанып – билуу сайты http://kushkabar.kg/ Archived 2013-03-31 at the Wayback Machine
  • «Сынак» программасы
  • «Турмуштаразасы» журналисттикиликтоопрограммасы
  • «Биздин Жыштык» радио программасы

Проектилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Доор Медиа»Коомдук Фонду көптөгөн долбоорлор үстүндө иш алып барат.

Алардын ичинен эн ийгиликтүүлөрүнүн бири төмөнкүлөр:

  • «Разработка Коммуникационной Стратегии для Генеральной Прокуратуры КР»
  • «Разработка Коммуникационной Стратегии дляМинистерства Экономики КР»

[2](жеткиликсиз шилтеме)

Куш Кабар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Куш кабар” сайты [3] Archived 2013-03-31 at the Wayback Machine 2010-жылдын октябрь айында түзүлгөн. Ал өзүнчө бир маалыматтык чөйрөнү түзүп, өлкөдө болгон соӊку окуялардын баардыгын сайтка чыгыпарып турат. Мындан сырткары,сайттан аймактагы кабарчылардын жеринде жасаган фоторепортаждарын көрүүгө болот.

Жакын аралыктан бери Куш Кабар сайты жаӊы өңүттө чыга баштады. Эки жылдык тажрыйбасында байкалгандай, сайтта камтылган маалыматтык материалдар окурмандардын чакан чөйрөсүнө эң эле кызыктуу экенин көрсөттү. Буга байланыштуу сайттын мындан ары дагы таасирдүү иштеши үчүн жаӊы өзгөчөлүктөр киргизилип, кеңейтилген, ар тараптуу маалыматтар камтыла баштады.

Учурда “ Куш кабар” сайты үч бөлүктөн турат, бул “Жаӊылыктар”, “ Жаштарга байланыштуу” жана “ Айыл-чарбасы” туурасында. Эми жаӊыланган [https://web.archive.org/web/20130331030835/http://kushkabar.kg/ Archived 2013-03-31 at the Wayback Machine сайтында кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды бир гана жаштар албастан, элеттиктер үчүн дагы керектүү маалыматтар менен толукталган. Маселен жаштар, өздөрүнө керектүү жана кызыктуу ар түркүн малыматтар камтылган. Ал эми элеттиктерге болсо, айыл жергесинде айыл-чарба тармагын кантип өнүктүрүү, бул багыттагы маалыматтар менен камсыздап туруу болуп саналат. Интернетке мүмкүнчүлүгү жок атайын аймактар үчүн сайттын мобилдик түрү сунушталат.

Уюлдук телефон аркылуу ар ким сайтка кирип керектүү маалыматтар менен тааныша алат. Белгилей кетүүчү жагдай, айыл-чарбасы республиканын негизги өнүгүү жолунун бири болуп саналат. Бирок, мал чарбачылыгы менен жерди иштетүү туурасында пайдалуу маалыматтарды алууда фермерлерге маалыматтык аянтча жетишпей келген. Бул боштукту «Куш кабар» сайты толтурууда (ролик Куш Кабар) Сайттын фейсбуктагы баракчасы: http://www.facebook.com/nurkamal.kuskabar/

Cынак программасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ахматбек Келдибеков жана алып барууучу Чынара Токонова Сынак прогмамасында

“Сынак” - программасы саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка коомдо актуалдуу болуп жаткан темаларды көтөрөт. Элден түшкөн курч суроолорго мамлекеттик чиновниктерден өз убагында жооп алат. «Сынак» программасы орус жана кыргыз тилдеринде даярдалып, КТРК, «5-канал» жана башка областтык 7 телеканал аркылуу 3 жылдан бери көрсөтүлүп келе жатат. Мындан сырткары программа бардык интернет түйүндөрүнө таркатылат.

алып баруучу Ксения Кисс

Ал эми namba.kg/ сайтында «Сынак» программасынын атайын баракчасы бар http://serials.namba.kg/serial.php?id=8321/(жеткиликсиз шилтеме) Бул жерден бардык программаларды каалаган учурда кирип көрүүгө мүмкүндүк берилет.

Телекөрсөтүү “Доор медиа” коомдук фондусунуна таандык.Алып баруучулар: орус тилинде – Ксения Кисс [4] кыргыз тилинде – Чынара Токонова [5] даярдайт.


Турмуш таразасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Турмуш таразасы" программасы-журналисттик иликтөө. Коомдогу болуп жаткан ар кандай саясий,экономикалык окуяларга көз салып, жарандардын кайрылуусунун негизинде журналисттик көз карандысыз, калыс иликтөө жүргүзүлөт. Программанын каармандары жөнөкөй жарандар. Телекөрүүчүлөрдүн кайсыл бир маселедеги суроолоруна жооп издеп, укуктарын коргоо жаатында жардам берет. Телепрограмма "5-канал" аркылуу жума сайын шейшембиде, саат 18.45 эфирге чыгып келет. Мындан сырткары, аймактык телеканалдар аркылуу дагы областтарда көрсөтүлөт.

Программа орус жана кыргыз тилдеринде дярдалып, бардык интернет порталдарга таркатылат:

Ал эми http://serials.namba.kg/serial.php?id=8451/(жеткиликсиз шилтеме) шилтемесинде «Турмуш таразасы» программасынын бардык чыгарылыштарын көрө аласыздар. Орус тилинде программанын аталышы «Моя история». [9](жеткиликсиз шилтеме)

Биздин жыштык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталган долбоор 2012-жылдын май айында даярдалып башталган. Программанын убактысы 40 мүнөт. Даярдалган программа өлкөдөгү беш радиостанциядан уктурулат. Алар аймактык “Алмаз-Нарын” Нарын облусу, “Волна Иссык-Куля” Ысык-Көл, “Ынтымак” (Ош), “Радиомост” (Талас).Эфирге чыгуу убактысы дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин. Дүйшөмбү, Шаршемби, Жума 3 күн кыргыз тилинде. Калганы эки күн орус тилинде даярдалат.

Берүүнүн 20 мүнөтүн “Ачык ордо” уктуруусу түзөт. Бул бөлүктө Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоорлор жана коомдогу курч-саясий актуладуу маселелер орун алган.

Берүүнүн 10 мүнөтү музыка. Калган 10 мүнөт бою “Ачык суроо” рубрикасы орун алган. Радио угармандар өзүлөрүнүн суроосун депутаттарга жеткирүүгө шарты бар. Ал суроолорго жооп алып даярдалып, эфирге чыгарылат.

Бизди социалдык тармактардан, интернет жайыктан да таап, уксаңыз болот: