Фёдор Достоевский

Википедия дан
Достоевский, Фёдор Михайлович‎»‎ барагынан багытталды)
Фёдор Михайлович Достоевский
Төрөлгөндө берилген аты: Фёдор Михайлович Достоевский
Туулган жылы: 30-октябрь [11-ноябрь] 1821
Туулган жери: Москва
Өлкө: Орусия империясы
Каза болгон: 28-январь, 1881 (59 жашында)
Ишмердүүлүгү: Прозаик,философ
Таанымал Чыгармалары: Көк Мээ
Кылмыш ж-а Жаза
Биртууган Карамазовдор
Жанры: Роман,аңгеме,эссе
Кол тамгасы:

Фёдор Михайлович Достоевский (орусча:Фёдор Миха́йлович Достое́вский 30-октябрь [11-ноябрь] 1821, — 28-январь [9-февраль] 1881) — белгилүү орус жазуучусу,ойчулу.[1]

Ал чыгармаларында 19-кылымда социалдык,саясый жана руханий жактан олку солку болуп турган Орусиядагы адамдардын психологиясын кеңири сүрөттөгөн. Каармандардын басымдуу бөлүгүн ит минген кедейчиликте жашагандар түзөт. Достоевский 1850-жылдын ортолорунда эле китеп жаза баштаган бирок ал эң окумдуу жана таанымал эмгектерин өмүрүнүн аяк чендеринде жазган. Булардын катарында Көк Мээ, Кылмыш ж-а Жаза жана Биртууган Карамазовдор бар. Ал бардыгы болуп 11 роман, 3 повесть, 17 кыска роман жана 3 эссе жазган. Адабият сынчылары аны дөйнөлүк адабияттын эң зор жана эң көрүнүктүү психологу деп баа берип келишет.[2]

Москвадагы Маринский бейтапканасында жарык дүйнөгө келген. Ал кичине жашынан эле жомок жана легендаларды угуп, ошону менен бирге орус, англис, француз жана немис авторлорунун китептери менен да таанышкан. 1837-жылы апасынын капыстан көз жумушу аны мөңкүрөтөт. Ошол жылы эле мектепти таштап Николаев атындагы аскерий инженердик институтка кирет. Бул окуу жайды бүткөндөн кийин инженер болуп иштей баштайт. Кийинчерээк кошумча киреше үчүн китеп которот. 1846-жылы биринчи романын, Бечара кишилерди жазат. Бул романга адабий сынчылар оң баа берип, элге кадыресе тааныла баштаган. 1849-жылы Петрашевский түзгөн топко аралашканы үчүн кармалып, аны менен бирге бир канча киши атууга өкүм кылынат. Бирок кийин Достоевскийдин жазасы жеңилдетилип, Сибирьге сүргүнгө айдалат. Сүргүндөн кийин аны армия жаатында иштөөгө мажбурлашып, катардагы жоокер болуп 5 жыл кызмат өтөйт бирок ден-соолугу начар болгондуктан армиядан куулуп, адабий эмгектерин уланта баштайт.

Балалык чагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Достоевский бала кезин минтип эскерет: "Мен диндар орус үй-бүлөсүндө туулгам. Ата-энем бизди кичине кезибизден эле диний китептер менен тааныштырды. Атам кечинде дайыма Карамзиндин орус тарыхы жөнүндөгү китебин үнүн бийик чыгарып окуп берчу. Ошондон улам мен бул китептин дээрлик бардык бөлүмдөрүн эсиме тутуп калыпмын."

Анын өмүр баянын жазып жүргөн С.Иановскийдин айтымында жазуучунун жаштыгы кыйынчылыкта жана кунарсыз өткөн. Ал энесин, карындаштарын жана агасы Михаилди абдан жакшы көрчү. Бирок атасы жөнүндө соз козгогусу келчү эмес. Жада калса Иановскийден ал жөнүндө сурабашын өтүнгөн.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүү мамилелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы Анна Сниткина

Жазуучунун айымдар менен болгон мамилеси кечирээк башталганы айтылат. Аны Сибирьге сүргүнгө айдаганда гана сексуалдык жашоосу туруктуу болуп, фантазиясы болуп көрбөгөндөй байыган. Сибирден бир нече айымдар менен мамиле тузуп, 1855-жылы Мария Исаева Дмитриевна менен таанышат. Мариянын ошол учурда күйөөсү жаңы гана каза болгон эле. Мариянын кемчилиги жаштайынан мүчө бою жакшы жетилбей калган. Ага жазуучу аео менен мамиле кылчу. Ошондон көп өтпөй, 1857-жылдын февралынан тартып экөө эрди-катын болуп ачыкка чыгып жашай башташкан. Достоевский талма оорусу менен ооругандыктан алардын сексуалдык катнашы узакка созулган эмес. Жети жылдан кийин түбөркүлөздүн айынан Мария көз жумган. Жазуучу андан кийин Аполлинария Суслова деген өзүнөн жыйырма жаш кичүү кызга жолугат. Экөө 1862-63-жылдары чогуу жашап кийин ажырашып кетишкен. Андан кийинки жашоосу Полина деген кыз менен уланат. Достоевский келишилген убактысы бүтөөрүнө аз калган романдарын таза кагаз бетине түшүрүүгө жардам берсин деп Анна Сниткина деген кызды жалдайт. Ошол кезде Анна 20 жашта, Достоевский 44 жаш курагында болчу. Бул айырмага карабай экөө 1867-жылы февралда баш кошушкан. Анна менен он төрт жыл чогуу, өмүрүнүн аягына чейин жашаган.[3]

Талма оорусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Достоевский жана казак окумуштуусу Валиханов, 1859-жыл

Бул ооруу чындыгында жазуучунун адабий ишмердүүлүгүнө жана философиясына олуттуу таасирин тийгизген. Муну анын чыгармаларында көрүүгө болот себеби автордун дээрлик бардык романдарында бул тема кенен кесири сүрөттөлөт. Талма жөнүндө изилдеген неврологдор үчүн Достоевский бай маалымат булагы болуп келген. Оорунун белгиси жана кантип кармаганы жөнүндө көп эле жерде жазган. 1865-жылы бир тууганы Михаилге жазган катында талманын "бардык түрүнө" тушукканын айтат. Тажрыйбасына таянып жараткан каармандарынан да бул оору жөнүндө ар кандай тыянактарды чыгаруу мүмкүн.

Талманын алгач качан кармаганы тууралуу ар кандай маалымат бар. Кээбирлер аны жеткинчек кезинде, 9 жашарында тушуккан дешсе, айрымдар өспүрүм кезинде чалдыкканын божомолдошот. Достоевский 1860-жылдан тартып дептерине оорунун кармаган убактарын жаза баштаган. Ал бул дептерине көз жумганга чейинки 20 жыл ичинде 102 жолу кармалганын жазган. 1969-жылкы жазуусунда мурдагы жылдары үч аптада бир жолу тушугуп турганын ж-а ар бир кармалуудан кыска мөөнөттөн кийин экинчиси кайталанганын белгилейт.

Достоевскийдин романдарындагы талмасы бар каармандардын эн айкындары булар Көк Мээдеги ханзаада Мышкин жана Биртууган Карамазовдордогу Смердяков. Мышкинди жазуучунун тажрыйбаларына таянып жараткан автобиографиялык каарман деп айтууга толук негиз бар. Бул каарманы аркылуу калемгер аура жөнүндө көп маалыматтарды берет. Ошондой эле талмага чалдыккан адамдарды коом кантип кабылдаганын да таасын сүрөттөп берген.

Көк Мээ 1867-68-жылдары, Достоевскийдин жан-дүйнөсү азап чегип, каржылык жактан кыйналып жүргөн мезгилде жазылган. Аялын ээрчитип алып, карызын сурагандардан аз убакытка болсо да кутулуш учун жана да дартына(талма) даба издеп Европанын бир шаарынан экинчисине өтүп жүргөн. Ушул жылдары жашоо шарт абалы ага психикалык катуу басым жасап, жыйынтыгында көп эле жолу талмасы кармаган.

Саясий көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Достоевский Петрашевский тобунун жума күнкү чогулуштарына такай катышып, орусия империясындагы социалдык жана экономикалык оор абалды сынга алып турган. Топтун басымдуу бөлүгү батыштан көчүрүлүп алынган системанын, айрыкча француз социалисти Фурьенин, империядагы жагдайды өзгөртүүгө олуттуу таасирин тийгизе турган фактор катары эсептешсе, Достоевксий бул пикирге каршы туруп,сырттан ташылган эч кайсы система, анын ичинде батыштын идеологиясы орусияга жат экенин, абалды жакшыртып, эл катмарларындагы теңсиздикти азайтуу үчүн орусиянын тарыхын кайта баштан изилдеп чыгып, орус коомуна мүнөздүү социализмге ыктоо туурараак деген бүтүмгө гана келбестен, жада калса ошол эле топтун ичиндеги ашынган төңкөрүшчү Спешнев деген курдашына беш-алты адамдан турган, "эч нерседен коркпогон" башка бир топ түзүү сунушун киргизет.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ukrainian origin of Dostoyevsky (Українське коріння Достоєвського)
  2. "Russian literature". Encyclopædia Britannica. Retrieved 11 April 2008. "Dostoyevsky, who is generally regarded as one of the supreme psychologists in world literature, sought to demonstrate the compatibility of Christianity with the deepest truths of the psyche."
  3. Агым, 22-октябрь, 2010-жыл