Дуровдор

Википедия дан

Дуровдор – орус цирк артисттеринин, маскарапоз-дрессировщиктердин үй-бүлөсү. Анатолий Леонидович Дуров [26. 11(8. 12). 1864, Москва –8(21).1.1916, Мариуполь] – акробат, эквилибрист, жонглёр. 1879-ж. балаганда ойноодон баштап, 1882-ж. айбанаттарды үйрөтүүгө өткөн. Саясий сатирага кайрылган туңгуч цирк артисти. Владимир Леонидович Дуров [25. 6(7. 7). 1863, Москва – 3. 8. 1934, ошол эле жер] – РСФСРдин эмгек сиңирген артист (1927). А. Л. Дуровдун агасы. 1879-ж. үйрөтүлгөн айбанаттары менен сатиралык номурларды аткарган. Россияда 1-жолу айбанаттардын табигый сезимине жана рефлексине карата үйрөтүү жолун иштеп чыккан. 1912-ж. Москвада музей-бурч ачкан (азыр В. Л. Дуров атындагы бурч). Анатолий Анатольевич Дуров [26. 11(8. 12). 1887, Воронеж – 19. 11. 1928, Ижевск] – А. Л. Дуровдун уулу. Өнөрүн 1914-жылдан көрсөтө баштаган. Империалисттик согушка каршы чыгарган тамашасы үчүн сүргүнгө айдалган. 1917-ж. циркке кайра келип, айбанаттардын көп түрүн үйрөтүп, оюн көрсөткөн. Владимир Григорьевич Дуров [3(16). 4. 1909, Воронеж – 14. 3. 1972, Москва] – СССР эл артисти (1967). А. Л. Дуровдун небереси. Дуровдордун жолун жолдоп, сатирачы-маскарапоз катары айбанаттарды кызыктуу ойнотууга жетишкен. Европанын көп өлкөлөрүндө өнөрүн тартуулаган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Юрий Владимирович Дуров [30.12. 1909 (12. 1. 1910), Петербург – 22. 2. 1971, Брюссель] – СССР эл артисти (1971). В. Л. Дуровдун небереси. Сатирачы-маскарапоз, ар түрдүү айбанаттарды оюнду жаңылбай аткарууга үйрөткөн устат. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Тереза Васильевна Дурова (5. 9. 1926-ж. туулган, Воронеж) – РСФСРдин эмгек сиңирген артист (1969). А. Л. Дуровдун небереси. 1947-жылдан ар түрдүү айбанаттар менен оюн көрсөтүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1