Дыйканбаев, Кыдыр

Википедия дан

Кыдыр Дыйканбаев 1928-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл областына караштуу Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында туулган. Саяк уруусунан. Атасы Түмөнбай, чоң атасы Бүтү, бабасы Лепес, бубасы Мураталы, кубасы Шаабек, жетеси Байдөбөт, жотосу Алакөз. Эмгек жолун 1946-жылы Ак-Терек айылдык МТСте тракторист болуп баштаган. 1948-1951-жылдары Токмок шаарындагы механиктерди даярдоо курсунда билим алган. 1951-1965-жылдары Кыргыз ССР айыл чарба техникаларын оңдоонун Тоң райондук бирикмесинде инженер-механик, ардактуу эс алууга чыкканга чейин Тоң райондук МТСтин башчысынын жабдуу иштери боюнча орун басары болуп үзүрлүү эмгектенди. "Атабыз өз ишине өтө так, балдары үчүн кам көргөн адам эле. Үй-бүлөгө керектүү бардык нерсе менен өз убагында камсыз кылып турар эле. Баарыбыздын келечегибиз үчүн кам көрүп турчу. Өзү жетим өсүп, ата-эне мээримине канбаса да, баарыбызга ченемсиз мээримин берип, баарыбызды тарбиялады. Эмгеги бааланып көп сыйлыктарга ээ болгон, эл арасында кадыр баркы жогору адам эле. Ар дайым: "Балам бирөөнүн эмгегин баалап жүр, колуңдан келсе жардам бер, жакшылыгыңды аяба. Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн, ар нерсени баамдай жүр, ар ишти жоопкерчилик менен аткара бил. Бирөө сага жамандык кылса, эч качан аны кек сактаба",- деп айтар эле. Ошол ар бир айткан акыл-насааты бизди тарбиялап, бизге жашоо берип келет. Атабыздын жаркын элеси, анын биз үчүн, эли үчүн кылып кеткен эмгеги ар дайым жүрөгүбүздө",-деп эскеришет балдары. Өмүрлүк жары Алиман экөө 48 жыл татыктуу өмүр кечиришти. Алты баланы тарбиялап, чоңойтушту. 28 небереси, 11 чөбөрөсү бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.