Дэвид Гетта

Википедия дан

Пьер Дэвид Гетта (англ. Pierre David Guetta, француз тилинде айтылышы: [david geta]; 1967-жылы 7-ноябрь) - француз дижейи, ыр жазуучу, музыкалык продюсер жана ремикс жасоочу. Жан-Чарльз Карре жана Жоаким Гарро менен бирге Gum Productions компанияны негиздеп 2002-жылы Just a Little More Love (кырг. Сүйүүдөн бираз көбүрөөк) альбомун жаздырып чыгарган. Кийинчерээк ал Guetta Blaster (кырг. Гетта жардыргыч) (2004) жана Pop Life (кырг. Популярдуу жашоо) (2007) альбомдорун жаздырган.

Гетта ийгиликке 2009-жылы чыккан One Love (кырг. Жалгыз сүйүү) альбому менен жеткен, анда "When Love Takes Over", "Gettin' Over You", "Sexy Bitch", жана "Memories" синглдери кошулган, биринчи үчөөсү Улуу Британиянын чарттарынын жогорку орундарын ээлеген. 2011-жылы чыккан, "Where Them Girls At" (кырг. "Кыздар кайда"), "Little Bad Girl" (кырг. "Начар жаш кыз"), "Without You" (кырг. "Сенсиз"), "Titanium" (кырг. "Титан") жана "Turn Me On" (кырг. "Мага дем бер") синглдердин камтыган Nothing but the Beat (кырг. Бир гана ритм) альбому Геттанын ийгилигине кошумча болгон. Гетта EDM сахнасына чыккан алгачкы дижейлердин бири, ал "EDM сахнанын чоң атасы" катары таанымал.

Ал дүйнө жүзү боюнча тогуз миллиондон ашык альбом жана 30 миллиондон ашык сингл саткан. 2011-жылы күйөрмандардын пикири боюнча Гетта DJ Mag журналынын "Эң мыкты 100 дижейи" сурамжылоосунда мыкты дижейлердин эң мыктысы болуп шайланган.

2013-жылы Billboard Геттанын "When Love Takes Over" (кырг. "Сүйүү курчап алганда") чыгармасына "Эң мыкты дэнс-поп биргелишкен иш" наамын ыйгарган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]