Дүйнөлүк саясат

Википедия дан

Дүйнөлүк саясатэл аралык укуктун негизги субъектеринин жыйнактуу саясий ишмердүүлугү. БУУ жана башка дүйнөлүк коомчулуктун мыйзамдуу органдары жана мекемелеринин чыгармачылыгында чагылдырылган, интеграцияланган кызыкчылык.

Дүйнөлүк саясат эл аралык мамилелердин жана байланыштардын түрдүү жактарын түзгөн улуттук мамлекеттердин тышкы саясий ишмердүүлүгү. Регионалдык мамлекет аралык жана коомдук түзүлүштүн, топтордун, бирикмелердин ж. б. бирикмелердин саясий акциялары. Мамлекеттер жана элдер менен ыйгарым укуктанган БУУ ж. б. уюмдар жана мекемелердин глобалдык ишмердүүлүгү менен түзүлүшү көрсөтүлгөн, дүйнөлүк саясаттын мамлекеттердин ортосунда жана мамлекеттин үстүндөгү рамкада калыптанган саясий мамилелердин бүткүл спектрин камтыйт. Анын башкы артыкчылыктары бүткүл адамзаттын келечеги көз каранды болгон көйгөйлөрдү чечилиши менен шартталган. Бардыгынан мурда алар: согуш менен тынчтык, жалпы коопсуздук, экологияны коргоо, артта калуучулукту жана жакырдыкты жеңүү.

Дүйнөлүк саясаттын негизги элементтери өз ара тыгыз байланышат жана бир бүтүндүн бөлүктөрү катары өз ара аракеттенишет. Дүйнөлүк саясаттын эффективдүүлүгү көптөгөн факторлор, анын ичинен кабыл алынган саясий чечимдердин жана сунуштардын ишке ашуусу, мамлекеттердин тышкы саясатынын реалдуу абалга ылайык келүүсү менен байланыштуу. Элдин дүйнөлүк саясат демократташтыруу, гумандаштыруу жана демилитаризациялоонун удаалаш ишке ашырылышына, коомдун кризис шарттарында адамзаттын жашоосун камсыз кылган чаралардын иштеп чыгуусуна кызыгдар. Дүйнөлүк саясатта глобалдык көйгөйлөрдүн чечилиши көп учурда чарбалык өнүгүүнүн динамикасын илимий-техникалык революциянын жайылышы, дүйнөлүк чарба жана дүйнөлүк рыноктун чегинде өз ара байланыштын күчөшүнө алып келип, дүйнөлүк саясий мамилелердин прогресси үчүн экономикалык негизин түзүүчү келечектеги интеграциялык процесстер менен аныкталган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8