Дүңкана Кочуке уулу

Википедия дан

Дүңкана Кочуке уулу (1886-1981) - атактуу манасчы.

Омүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүңкана Кочуке уулу Нарын областындагы Эчки-Башы айылында 1886-жылы туулган.
1981-жылы 95 жаш курагында кайтыш болгон.
1. Устаты Улуу манасчы Тыныбектен таалим алган. Дүңкана: Тыныбекчи жакшы билчүмүн, анын "Семетейин" көп уккам. Экөөбүз тең Тынымсейиттин торгой уруусунан болобуз",- деп эскерчи экен.
2. Түш көрүү. Дүңкана минтип айтчу экен: "Жети жашар кезимде түшүмө Семетей, Күлчоро, Канчоролор киришти, бизди элге айткын дешти, үч жыл айтпай жүрдүм. Кыйнап, түшүмдө Семетей келип найза менен сайып кеткенден кийин айта баштадым".
3. Жазып алынышы. Дүңканадан 1965-67-жылдардын аралыгында "Манас" жазылып алынган. Анда "Семетей" толук, ал эми эпостун биринчи бөлүмүнөн "Манастын балалык чагы", "Чоң казат" бар.
4. Өзгөчөлүктөрү. Дүңкананын нускасында кыргыздарды Алооке менен бирге Жезбилек чаап алат. Манас эр жетип, кыргыздарды Ала-Тоого көчүрүп келгенде, нойгуттардын Акбалтасы Жакыпка мал тартуулап келип, уулу Чубактын Манас менен дос кылат. Анан Манас менен Чубак Алоокени чабат. Алооке кан Бээжинге качат. Коңурбай бурутту чаап кул кылам деп күүлөнсө, Алооке: "Бээжинге Манас казаттап келбей койбойт, кыйын болсоң ошондо беттешип көрөсүң"- деп баласын тыйып коет.
Кийинчерээк Төштүк Жоодарыга той берип, ага алты кан келет да, алар Манасты чаап алалы деп кеңешишет. Ошентип, Манаска каршы аттанышат. Бирок айкөл ачуусу келип, аларды кырып кое турган болгондо, Бакай менен Алмамбет ортого түшүп токтотот Кандар Манастан коркконунан "Бээжинге казат кылалы" деп суранышат. Манас макул болот. Андан ары чалгын, Алманбет менен Чубактын чатагы болот. Ошондон кийин гана Алманбеттин таржымалы айтылат. Алманбеттин апасы Айканыш (окуу китебиндеги Алтынай) бирде аял, бирде ак жылан боло алган сыйкырдуу пенде. Андан ары "Чоң казат" окуясында Манастын минген Аймаңбозу баспай, баатырлар Тал Чокуга корголошот. Кытай колу аларды курчап калат. Орукка барган Сыргак Бакайдын акылы боюнча кыргыз колун "жүргүлө олжо бөлүп алабыз" дейт. Ошентип, кыргыздар чабуулга өтөт. Дагы бир көңүл бурчу нерсе-Чубактын эрдиги. Ал Нескара, Шуйкучуларды колго түшүрүп келгенден кийин, кытай колу багынып берет. Алмамбет, Чубак, Бакай үч шаарга кан болот. Дүңкананын "Семетейи" Семетейдин Кең-Колдон Айчүрөккө жөнөгөнү менен башталат. Калганы башка варианттар менен окшош. "Көкөтөйдүн ашы деген окуя Толтойдун сөзүндө айтылат. Андан ары Күлчоро: "Толтой менен Чыңкожону жеген колубуздун кызуусу тарай электе Коңурбайдан кун кууп келели"- деп Бакай менен Семетейди көндүрөт. Ошентип кундун алынышы менен эпос аяктайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас сабагы" Бектур Исаков, Бишкек 1994