Манасчы

Википедия дан
Манасчы.

Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).

«Манасчы» деген сөз Октябрь революциясынан кийин пайда болуп, терминдик маани алган. Айрым жазма адабияттарда жана карыялардан жыйналган оозеки маалыматтарга караганда, Октябрга чейин, ошондой эле Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да «манасты» айткан адамдар эл ичинде «ырчылар», «жомокчулар» деп жалпы ат менен аталышкан.

«Манасчы» деп адатта эпостун биринчи бөлүмүн («Манас») же үч бөлүмдү («Манас», «Семетей», «Сейтек») тең толук айткандар.

Эң биринчи манасчы жөнүндө такталган маалымат жок. Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын.

Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам молуктуруп зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат.

Дастанда чагылдырылган тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.

Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартыпөзү көбү болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет, Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса, көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат деп айтууга негиз бар.

Ошондой эле кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул. Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.

Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат.

Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.

Манасчылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саякбай Каралаев.

Айдар Жаныбек уулу - Айтыке - Акылбек - Балык Ооз - Дыйканбай Тойчубек уулу - Жусубакун - Келдибек Карбоз уулу - Мурат Калбай уулу - Назаркул Эшенкул уулу Сейдиракманов - Назар Болот уулу - Найманбай Балык уулу - Тагай Бекмурат уулу - Токтогул Калмамбет уулу - Турдумамбет Акматалы уулу - Чапырашты - Чомо Асыран уулу - Чоодан - Чоюке Өмүр уулу - Ынаш Кумаш уулу - Эркебай Бердибай уулу

Абдыкерим Беки уулу, Абылгазы Жумабай уулу, Акмат Рысменде уулу, Акмат Токтогул уулу, Актан Тыныбек уулу, Акун Таш уулу, Акын Шадыканов, Алазбек Тойчубеков, Алимжан Сырдыбаев, Анаргүл Тажибаева, Асанкан Жуманалиев, Багыш Сазанов, Бейшерик Албанов, Бөрүбай Султанов, Дөөлөталы Касымбай уулу, Дүйшөнаалы Жанаев, Дункана Кочукеев, Жакшылык Сарыков, Жаныбай Кожеков, Жаркынбаев Б, Жетиген Бакиров, Жолборсалы Турдалиев, Жоробек Мамаев, Жумабаев Ч, Жусуп Мамай уулу, Имангазы Исагулов, Каба Атабеков, Калбү Сүйүнбаева, Калыбек Жумагулов, Касымаалы Алымбеков, Кубанычбек Маликов, Кудайберген Өмүрзаков, Лапаз Көккөзов,Малдыбай Борзу уулу, Маматкул Мураталиев, Мамбет Чокморов, Мамбеталы Ашымбай уулу, Мамыт Алдаяров, Мамыт Алдозов, Матисак Акбаев, Маша Кадыров, Медер Суранчиев, Молдобасан Мусулманкулов, Момуш Шапаков, Мурат Калбаев, Өмүрша Кененбаев, Насыр Искендеров, Ныяз Мамырбаев, Саалы Жолдошев, Сагымбай Орозбак уулу, Сапарбек Касмамбетов, Саринжи Кожомбердиев, Саякбай Каралаев, Сейдана, Өсөр Жолдошев, Төрө Мамытов, Тагай Бекмуратов, Таш Сейитбаев, Тоголок Молдо, Токон Мамытбекова, Токтосун Байбураев, Төрөкул Раззаков, Түгөлбай Сыдыкбеков, Турдубай Мадиев, Турдумамбет Акматалиев, Тыныбек Жапы уулу, Уркаш Мамбеталиев, Урмамбетов О, Чал Садыков (Садыров), Чокан Валиханов, Шаабай Азизов, Шапак Рысмендеев, Ыбрай Абдыракман уулу, Ыса Жумабеков, Эргеш Ташимбетов, Эргеш Ташматов - дан жаздырылып алынган «Манас» дастанынын варианттары Кыргызстандын Илимдер Улуттук Академиясынын Тил, адабият, искусство институтунун алдындагы кол жазмалар фондунда сакталууда.

Манасчылар К. Рахматуллиндин эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манасчылар — Кыргыздын биринчи фольклордук изилдөөчүсү К. Рахматуллиндин эмгеги (Фр., 1942) Кыргыз тил адабият жана тарых илим изилдөө институту даярдаган, кыргыз тилинде. Китеп «Манасчылардын чыгармачылык эмгеги» деген бөлүм менен башталып, мында манасчылар менен эл акындарынын өзгөчө түркүмү катары карайт жана аны Тыныбек Жыпай уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Акмат Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу өңдүү манасчылардын чыгармачылык үлгүсүндө көргөзөт. Манасчылар эч качан «Манасты» жаттoо аркылуу эмес, алар үйрөнүү жолу аркылуу манасчы болуп чыгышат – деген ойду айтат жана негизинен бардык манасчыларда сюжет бир багытта өнүгөpүн белгилейт. Эмгекте манасчылардын айткан cюжеттеринин айырмачылыктары каралат. Биринчиден, идея жана сюжет жагынан бири бирине карама каршы турган вариант жок экенин, бардык варианттарда кыргыз элинин боштондугу үчүн күрөш экенин көрсөтөт. Ошондой эле, манасчылар арасындагы стилдик жактан айырмачылыктарды эпостогу бир эле эпизодду бир нече манасчылар айткан үзүндүлөрдү салыштырат да, алардын стилдик окшоштуктары жана айырмачылыктары белгиленет.

Манасчылардын чыгармачылык ролу боюнча «Манасты» толук айтуучулар жана үзүндүлөрүн гана айтуучулар деп экиге бөлөт. Эмгекте манасчылардын кереметтүү түш көрүү маселесине токтолуп, түш көрүүнү манасчылардын «Манас» айтып калуусундагы башкы фактор катары карабайт, аны жокко чыгарбайт дагы. Ал манас айтууга болгон ынтызарлыктын натыйжасы деп эсептейт. «Манасты жазып алуу тарыхы» деге бөлүктө өткөн кылымда Ч. Валиханов, В. Родловдун эпосту кагазга жазып алуу тарыхына кыскача токтолот, жана октябрь революциясынан кийин эпосту жазып алуу ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берет. Китепте Келдибек Кумар уулу, Балык Карббоз уулу, Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу өңдүү кыргыз элинин белгилүү Манасчыларынын өмүрү, манасчылык өнөрү тууралуу баяндама берилет.

Пайдаланылган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Т.4. 159 б.
  • Бектенов З., Байжиев Т. Кыргыз адабияты: Орто мектептин классы үчүн хрестоматия окуу китеби. 2-басылышы. Б.: «Мектеп», 1993.140-193 бб. ISBN 5-658-01030-6
  • Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995