Дөңгө секирип чыгуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: дөңдү жер, дөбө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү дөбөнү тандап алышып, оюн башталгыч жана мара сызылгандан кийин, оюн башталгыч сызыкта бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча баары дөңгө секиришип чыгууга аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага кеп жолу биринчи болуп келген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү. Дөңдөн секирип түшүү.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда аракеттенүүгө, бир бирине тоскоолдук кылууга, марага жетпей аракетти токтотууга болбойт,

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, секирүүнүн, дөңгө чыгуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]