Едренкин Иван Иванович

Википедия дан

Едренкин Иван Иванович (1890–1948) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө катышкандардан; Кызыл-Кыяда алгачкы большевиктер тобунун уюштуруучусу (1918). 1905-ж. Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-ж. Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажикстан), Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шахталарында иштеген. 1917-жылдан Кызыл-Кыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1