Жазмыш

Википедия дан

Жазмыш (орус. предопределение) – адамдын жүрүм-турумунун ал төрөлгөнгө чейин эле акылга сыйбас керемет күчтөр тарабынан алдын ала аныкталып же шартталып коюлушу; мындай жазмыш оң (татыксыз адам деле бактылуу, ырыстуу тагдырга ээ болушу мүмкүн) же терс (айрым адамдар ак жеринен эле оор тагдырга туш болушу ыктымал) мүнөздө болот.

Жазмыш идеясы Августин тарабынан иштелип чыгып, андан соң янсенистер, М. Лютер, У. Цвингли жана Т. Кальвин тарабынан өнүктүрүлгөн. Өз маани-маңызы боюнча преддетерминизмге жакын.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]