Детерминизм

Wikipedia дан

Детерминизм (лат. de-termino – аныктайм) – детерминациянын объективдүү процесси жана детерминациянын объективдүү процесси тууралуу окуу катары түшүндүрүлөт.

Детерминизм – табигый, коомдук жана психикалык нерселер менен кубулуштардын кандайдыр бир себеп тарабынан себептүү аныкталгандыгы тууралуу окуу. Мындай себеп катары теологиялык Детерминизм Кудайды, антропологиялык Детерминизм адамды, географиялык Детерминизм табигый шарттар менен климатты, биологиялык Детерминизм тукум куучулукту атайт.

Көз караштык багыттары боюнча, Детерминизм дин бардык окуулары материалисттик, идеалисттик, диний мүнөздө болуп, ал эми кокустук менен зарылдык айкалышы тууралуу суроону чечүүдө алар метафизикалык жана диалектикалык жоболорго таянат. Өз кезегинде метафизикалык (антидиалектикалык) Детерминизм фатализм жана индетерминизм деп аталган окуулардан турат. Фаталисттик концепцияларда бир беткей зарылдык ашкере абсолютташтырылып жиберилет да, кокустук четке кагылат же толук кандуу баага арзыбайт. Мисалы: Б. Спиноза билимдердин жетиштигинен улам гана айрым нерселерди кокустук деп атоого мажбур болобуз деп белгилеген. Француз философу П. Гольбахтын «Табигый система» (1770) деп аталган эмгегинде бурганак көтөргөн куюнда да кокустан эле илээшкен бир да молекула жок деп көрсөтүлгөн. Молекулалардын ар бир кыймылы зарылдык улам пайда болот. Дал ушул сыяктуу эле тынымсыз кыймылдагы табият адамдын турмуш-тиричилигин шарттап турат.

Кээ бир учурларда коомду катуу силкинтүүгө дуушар кылган көңтөрүштөрдө зарыл болуп эсептелбеген бир да ой, иш-аракет, көңтөрүштөрдүн катышуучуларынын каалоо-тилектери жок. Коомдук ой-пикирдин тарыхында материалисттик фатализмге индетерминизм каршы турат. Мисалы: америкалык философ Сантаяна курчап турган материалдуу дүйнө кокустуктардын агымынан турат; анын пикири боюнча адамдар зарылдык катары кабыл алган нерселердин баары «кокустуктардын кутуму» болуп саналат. Табият таануу илимдеринде электрондун «эркин кыймылы», мутагенез процессин ишке ашырган гендердин «эркиндиги» ж. б. тууралуу түшүнүмдөр кеңири өнүккөн.

Кокустук менен зарылдык жуурулуштурган фаталисттик Детерминизм индетерминизм сыяктуу эле диалектикалык окууну жактаган ойчулдар (Мисалы: Гегел, Энгельс, Герцен) тарабынан четке кагылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]