Жайнычылыктын этикасы жана дини

Википедия дан

Жайнычылыктын этикасы жана дини. Этика жана дин жайнычылыктын жүрүм-турумдарын жөнгө салышат. Туура жүрүм-турум нравалык бийиктикке жетүүгө жана жанды материяга чырмаган сансарадан бошонууга жардам берет.

Жайнычылыктын этикалык концепциясы жайнычылыктын жүрүм-турум эрежелерине “кыңк” этпестен баш ийүүнү талап кылган. Бул окууда инсанды этикалык тарбиялоо – аны болмуштун төмөнкү (материалдуу) сферасынан жогорку (рухий) сферасына өткөрүүнүн негизги фактору. Өзгөчө чымыркануунун натыйжасында гана кармадан кутулууга болот. Карманы жок кылуу узакка орозо кармоо, денедеги кумар азгырыктарын өлтүрүү, ыйык тексттерди окуп-үйрөнүү, жүрүм-турумдун өтө катуу тартиби, башкача айтканда кечилдик жашоо өткөрүү менен гана ишке ашат. Кечилдер тирүү жандыкты өлтүрүүгө, мүлк уурдоого, калп сүйлөөгө, уят иштерди жасоого жана мүлккө ээ болууга тыюу салган беш ант беришет.

Жайнычылыктын негизги этикалык принциби болуп ахимса – тирүү жандыктарга зыян келтирбөө, алардын убалына калбоо эсептелет. Ошондуктан, Жайнычылыктын табынгандарга тамакка этти пайдаланууга тыюу салынган. Ал тургай курт-кумурскалардын өмүрү да кол тийгис болуп эсептелет – жайнычылык кечилдери араң эле байкалган куртту же чымын-чиркейди жутуп албоо үчүн ооздорун даки менен таңып жүрүшөт. Ошондой эле максаттар үчүн ичүүчү сууну чыпкалашат.

Курт-кумурскаларды басып өлтүрүп албоо үчүн колдоруна атайы шыпыргыларды алып жүрүшөт: алар алгач жолдорун шыпырып, тазалашат да, анан жолун улантышат. Эркин жайнычылыктарга дыйканчылык кылууга тыюу салынган, анткени мындай ишмердүүлүк өсүмдүктөрдү гана жок кылбастан, топуракта жашаган майда жандыктарды өлтүрүү менен да тыгыз байланышкан. Кечил от жага албайт – себеби, ал отундун гана өмүрүн жок кылбастан, курчап турган абаны да өлтүрөт. Кечил отту өчүрө да албайт, анткени, отту өчүрүү менен ал оттун өзүнүн өмүрүн да жок кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]