Жакшылык жана жаманчылык

Википедия дан

Жакшылык жана жаманчылык – моралдык аң-сезимдин эң кеңири түшүнүктөрү; этика окуусунун адамдардын бири бирине болгон адептик жоопкерчилиги, ыймандык парзы менен байланышкан нарк баалуулуктарын тутуудагы оң-терс жактарын мүнөздөөчү өзөктүү категориялары. Жакшылы к жөнүндөгү түшүнүктө адамдардын ак дилиндеги бакубат таламдары, бийик умтулуулары, ак ниеттүү каалоолору жана келечекке карата ак пейилден күткөн үмүттөрү чагылат, алар (жакшылыктар) чыныгы ак ниети менен жардамдашууга, ар убак көмөктөш болууга даяр турган асыл аракеттер. Жаманчылык категориясы – маңызы боюнча жакшылык түшүнүгүнүн карама-каршысы. Жаманчылык моралдык жана социалдык болуп бөлүнөт. Жаманчылык – моралдык талаптарга түздөн-түз каршы келген, коомдогу жат көрүнүштөр, жүрүм-турумдар, жорук-жосундардын жыйынтыгы ошондой эле адептик терс сапаттардын жалпы абстракттуу мүнөздөмөсү. Социалдык түрү – коомдогу терс көрүнүштөрдүн кеңири тобун камтыган, коомдун таламдарына, жашоонун бакыбаттуу жү­рүшүнө кедерги болгон, тымызын же кыйыр түрдө каршы туруп, жалпы прогресске тоскоолдук түзгөн субъективдүү көрүнүштөр­дүн бүткүл жыйындысы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1