Жакыптын жана аялдарынын түш көрүшү

Википедия дан

Жакыптын жана аялдарынын түш көрүшү — баатырдын төрөлүшүн даярдоочу эпикалык мотивдердин өзгөчө туруктуусу, баатыр жакында жарыкка келерин белгилеп турган сюжеттеги маанилүү деталь — ыза болгон Чыйырды ыйлап жатып көзү илинип, уктап кетет. Түшүндө ак селдечен ак сакалдуу адам жанына келип, жашын көрүп боору ооруп, аяктай ак алма берет, кызыл алма кыз деп дагы бир алма карматат. Алтымыш кулач ажыдаарга ат ордуна мин дейт. Алма жеген Чыйырдынын ичинен ажыдаар чыгып, ай-ааламды сорот, байбиченин бою бир жүз отуз кез болуп узарат. Чочуп ойгонгон Чыйырды Жакыптын катуу уктап жатканын көрүп, күйөөсүн ойготпой эле коёюн деп ойлойт.

Кечинде малдан капаланып келген Жакып атын байлабай үйүнө кирип кеткенде чылбырын сүйрөп бош бараткан Туучунакты көрүп, атты кармамак болуп коңшунун баласы Меңдибай артынан кеткен. Ошол бойдон үйүнө келбей калыптыр. Меңдибайдын энеси Канымжан байдыкына келип уктап жаткан Жакыпты көрүп Чыйырдыга: эриңди ойгот, атын кубалап кетип балам эмдигиче жок, түн ортосу болду, балам мерт болсо дүнүйө-малыңды анын чыпалагына да албайм деп, заар сөздөрдү айтып бейжайланат. Канымжандын «Алжыган как баш» деген сөзүн угуп ызаланган байбиче: жоошурак ат минбейсиңби, качкан атыңды кууп баласы жоголуптур. Канымжандын айткан сөздөрүнөн өлүп кетпей араң эле калдым, туруп жоголгон баланы таап бер деп Жакыпка катуу тиет. Жаткан ордунан баш көтөрүп, Жакып кайгырба кемпирим, Кадыр алда буюрса белги болор түш көрдүм дейт. Түшүндө Жакып кукулуктап үн чыкса куштан башка үнү бар, куйрук-башы жаркылдап куудан аппак жүнү бар, айбат менен караса алпкаракуш сүрү бар, саңоорлору сары алтын, таканак жүнү баары алтын, текөөрү болот, серпкенин өлтүрүүчү тунжур куш кармап алып, ага алтымыш кулач жибек боо тагып, бапестеп багып алат. Ал куштун кыраандыгынан жана сүрүнөн ааламдагы канаттуу уча албайт, жерде жүргөн аяктуу кача албайт.

Чыйырды Жакыптын түшүн жакшылыкка жоруп, өзү да жакшы түш көргөнүн айтып, кырк-элүү мал союп той берели дейт. Эчтекеден дайын жок, той берели деген байбичесинин сөзүнө ачууланган Жакып сыртка чыкса сары жылдыз чыгып, таң атып калыптыр. Бакдөөлөттүн үйүн көздөй баскан Жакыптын кулагына «Атаке, мал үчүн кайгырып, алганыңды неге капа кылдың?!» деген сырлуу добуш угулат. Эки жагын караса эч ким көрүнбөйт. Кемпири эсине түшүп, кеткеним болбойт экен деп кайра кайрылган Жакыптын артынан Бакдөөлөт жете келип сонун түш көргөнүн айтат: үйүнө боз ала туйгун эки куш байлаптыр. Байбиченин үйүндө балдагы алтын туурда турна моюн, жез канат, тумшугу болот туй-талпынып турганын көрүптүр. Жакып токолунун көргөн түшүнө да кубанат. Байбиче кырк бээ союп, түш жорутуп, той берели дегенин Жакыптан уккан Бакдөөлөт: «кырк эмес, сексенди союп, эл чакырып, баш майла, жашың элүүгө келгенин билбейсиңби, ээсиз малды аяп не кыласың? » — дейт. Ага да ачууланып кайра баскан Жакыптын алдынан Канымжан чыгып атыңды кууп кеткен бойдон жоголгон баламды таап бер, эмдигиче издебей, баланын баркын билбеген куу баштыгың билинди деп катуу-катуу сөздөр айтат. Бул байкуштуку да эп болду деп ойлогон Жакып койчунун коңур күрөңүн токунуп минип, баланы издеп жүрүп Ак-Өтөк деген жерден үстүнө ак жолборстун териси жабылып турган атын көрөт. Баланы жолборс алган го деп чочулап бушайман болуп турган Жакыпка токойдон Меңдибай чыгып келип салам айтат. Туучунактын артынан келип, кырк балага жолукканын, алар менен түнү бою ойногонун, ал балдар биз Жакыптын балдарыбыз дешкенин токойдон чыга калып качырган ак жолборсту балдардын бири күрсү менен чаап өлтүрүп, союп терисин Туучунакка жаап койгонун Меңдибайдан уккан Жакып атты алып, баланы ээрчитип айылга келет. Баланын сөзүн уккандардын баары таң калышат. Кечээтен берки белгилер тегин эместигин оюна алган Жакып той бермек болот.

Узак убакыт баласыз жүргөн ата-эненин жакында балалуу болорунун жышааны катары жакшы түш көрүү оозеки чыгармалардагы кеңири белгилүү сюжет. Адатта түштө болочок баланын эркек, же кыз болору, негизги сапаттары, ал гана турмак тагдыры жөнүндө кабарлаган символикалык же каймана маалыматтар берилет. Кереметтүү түш көрүү Радлов жазып алган вариантта жок. Кийин жазылып алынган варианттардын бардыгында бул эпизод сюжеттеги маанилүү деталдардан. Саякбай Каралаевдин вариантында түштү Жакып гана көрөт: көзүнө көрүнгөндүн баарын алган өзгөчө кыраан ала барчын бүркүт кармап алат, жолсуз зоодон колунда пайда болгон курч кылыч менен таш кесип жол салып түшөт, бүтүн дүйнөгө көлөкөсүн тийгизген чатырга кирип, ай менен күндү чакмак алып ойнойт.

Эпизоддун сюжетиндеги негизги түйүн түш көрүү, сюжет кеңейтилип, бир эле эмес, бир нече адам түш көргөн түрдө, башка кереметтүү жышаналар менен кошо (Сагымбай Орозбаковдун вариантында үч кишинин түшү, Жакыпка угулган сырдуу үн, Меңдибайга жолуккан кырк бала) же кыска түрдө айтылышы мүмкүн. Сюжеттин бул түрдөгү өзгөчөлүктөрү эпостун варианттык белгилеринен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4