Радлов, Василий Васильевич

Wikipedia дан
Файл:Радлов В.В.jpg
Василий Васильевич Радлов


Василий Васильевич Радлов (Фридрих Вильгельм Радлов; 5.1.1837, Берлин - 12.5.1918, Петроград) - Чыгыш изилдөөчү илимпоз жана түрколог, этнограф, археолог, Петербург Илимдер Академиясынын академиги(1884).


Кыскача өмүр баяны[оңдоо]

Берлин университетин бүткөн (1858), Илимдер академиясынын антропология жана этнография музейине (1894-1918) директор болгон. Орто жана Чыгыш Азияны изилдөөчү орус комитетин түзүү демилгесин бир нече ирет көтөрүп, аны башкаргандардын бири.

1860-70 жж. Алтайга, Сибирге, Казакстанга, Орто Азияга бир нече ирет экспедиция жасап, түрк элдеринин тили, фольклору, этнографиясы жана археологиясы боюнча материал жыйнаган.

1891 ж. ИАнын Орхон экспедициясын башкарган, 1898 ж. башында Д.А.Клеменц турган Турпан экспедициясын уюштурган.

Биринчилерден болуп Орхон-Енисей жазуусун окуган, Клеменц таап келген байыркы уйгур даректерин изилдеп, жарыялоону баштаган.

Р. Түрк тилдерин салыштырма-тарыхый метод менен изилдөөгө негиз салгандардан (“Түндүк түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, 1т., 1882, “Монголиядагы байыркы түрк жазмалары”, 1894-1895, “Түрк тилдеринин морфологиясын сыпаттап жазууга киришме, 1911), түрк элдеринин оозеки чыгармалары боюнча көп материал жыйнаган (“Түрк уруууларынын элдик оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү”, 1-10 бөл., 1866-1907); “Түрк наречиелер сөздүгүнүн тажрыйбасы” (1-4 т., 1882-1909) ж.б. эмгектерди жарыялаган.

Радловдун Пазырык жергесиндеги археологиялык казуулары Пазырык маданиятын иликтөөгө башат ачты

Борбордук (Орто) Азияга жасаган экспедициясында кыргыздар арасында эки мертебе (1861 ж. Текесте, 1869 ж. Чүйдө) болуп кыргыз тили, фольклору боюнча да материал жыйнаган, анда асыресе “Манастын” сюжеттеринен жазып, 1885 ж. кыргыз, немис тилдеринде жарыялаган; манасчылардын, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк өнөрүнө таң калып, бул өнөрдүн башка түрк элдерине караганда кыргызда өзгөчө өөрчүгөн атайы баса белгилеген. Р-дун түрк тилдеринин, дагы башка тилдердин классификациясын, тарыхый диалектологиясын жана түрк элдеринин этногенезин изилдеген эмгектери бар.

Эмгектери[оңдоо]

  • Радлов В.В. Кара-киргизы // Радлов В.В. Из Сибири. Страницы дневника. - М.: ГВЛ, 1989. - С. 348-354. (URL: http://www.eposmanas.ru/?page=623).
  • Proben der Volkslitteratur der turkischen Stamme Südsibirien (Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Джунгарской степи), тексты и немецкий перевод; Санкт-Петербург, 1866—1896, 7 т;
  • Vergliechende Grammatik der nordlichen Turksprachen. Th. I. Phonetik. (Сравнительная грамматика северных тюркских языков. Т. I. Фонетика), Лейпциг, 1882—1883;
  • Worterbuch der Kinai-Sprache (Словарь кинайского языка), Санкт-Петербург, 1874;
  • Анализ болгарских числительных имен, в известиях Албекри и др. авторов (1878),
  • Die Lautalternation und ihre Bedeutung für die Sprachenentwickelung (Гармония гласных и её значение для развития языков; в «Verhandlungen des funften internationalen Orientalisten Congress»), Берлин, 1882;
  • Zur Sprache der Komanen // «Internationale Zeitschrift fur allgemeine Sprachwissenschaft»), Лейпциг, 1884—1885;
  • Versuch eines Wörterbuches der Türkdialecte, (СПб., 1888 и сл.) / Опыт словаря тюркских наречий. т. I—IV. СПб., 1888—1911.
  • Die altturkischen Inschriften der Mongolei (Древнетюркские надписи Монголии), вып. 1 и 2, СПб., 1894, 1899;
  • Observations sur les Kirghis (Заметки о киргизах), Париж, 1864;
  • Мифология и миросозерцание жителей Алтая («Восточное Обозрение», 1882, № 7 и 8, 1883, № 8),
  • Ethnographische Übersicht der Turkstamme Sibiriens und der Mongolei (Этнографический обзор тюркских племён Сибири и Монголии), Лейпциг, 1884;
  • Aus Sibirien (Из Сибири), Лейпциг, 1884 (русский перевод 1989);
  • Das Schamanemtum und seine Kultus (Шаманство и его культ), Лейпциг, 1885;
  • Сибирские древности (в «Материалах по археологии России, издаваемых Императорской археологической комиссией»), Санкт-Петербург, 1888;
  • Altas der Altertumer der Mongolei (Атлас монгольских древностей), Санкт-Петербург, 1892.

Ал тууралуу эмгектер[оңдоо]

  • Кононов А. Н. История изучения тюркских языков в России. — М.: Наука, 1972.
  • Очерки по истории русского востоковедения. — М.: Институт Востоковедения АН СССР, 1953.
  • Решетов А. М. Академик В. В. Радлов, востоковед и музеевед (Основные этапы деятельности) // Радловские чтения-2002. Материалы годичной научной сессии. — СПб., 2002. — С.95-101.
  • Тюркологический сборник. 1971. — М., 1972 (посвящён В. В. Радлову, список трудов и литературы о нём).
  • РАДЛОВ В. В. Кара кыргыздар / Кыргызч. Т. Насирдинов // Сов. Кыргызстан. – 1990. – 20, 24-март;
  • РАДЛОВ В. В. Кыргыздар тууралуу маалыматтар / Даярдаган Л. Строилов // Кыргызстан маданияты. – 1987. – 13-авг. – № 33. – Б. 10–11;
  • НИКСДОРФ В. “Манастын алгачкы изилдөөчүсү” // Ала-Тоо. – 1987. – № 8. – Б. 137–141;
  • МУРАДЫМОВ Н. Мыкты окумуштуунун бай мурасы // Ленин жолу (Ош). – 1987. – 15-дек.

Интернеттик шилтемелер[оңдоо]