Жалпылык

Википедия дан

Жалпылык (орус. Всеобшее) – жалаң эле кокустуктун аркасында эмес, зарылчылыктын же мыйзамченемдүүлүктүн негизинде көпчүлүккө тиешелүү, жалпы болгон көрүнүш. Платон Жалпылык – бул чын, анык болмуш, ал эми жекелик Жалпылыктын бөлүгү болгондуктан гана анык боло алат. Аристотелдин пикири боюнча, Жалпылыктын өз аныктыгы жок; ал форма катары жеке нерселерге ички маңыз катары тиешелүү, ал эми жекелик өзүнүн ичинде Жалпылык орун алгандыгы үчүн жашай алат. Учурдагы диалектика окуусу боюнча, жалпылык жекеликтер аркылуу гана жашайт, Жалпылык жекеликке караганда терең маңыздуу, мазмундуу, ал эми жекелик жалпылыкка караганда бай, кенен келет.

Жалпылык (орус. Общее) – бардык өзгөчө жана жекече кубулуштардын кандайдыр бир конкреттүү бүтүндүктүн составында жашоо формасы, алардын өз ара байланыштарынын мыйзам ченеми. Жлпылык абстрактуу жана конкреттүү болуп бөлүнөт. Абстрактуу Жалпылык – сезим органдары аркылуу кабыл алынуучу бардык кубулуштардын байкоо жүргүзүү менен элестөөдө чагылышындагы окшоштук, бирдейлик, алардын ар бирине бирдей таандык «белги». Конкреттүү Жалпылык – карама-каршы жана ар түрдүү кубулуштардын ички зарыл байланыштарынын (же өз ара шартталыштарынын) түшүнүктө чагылышы, алардын бири-бирине өтүү жана айлануу мыйзамы.

Байыркы грек материалисттери Жалпылыкты тикеден тике предметтик нерсе болуп саналган суу, от, апейрон, аба (Фалес, Гераклит ж. б.) катары, б. а. бардык нерселердин субстанциясы болуучу айрыкча зат деп түшүнүдүрүшкөн. Жалпылык жекеликте, өзгөчөлүктө болот жана алар аркылуу көрүнөт, аларсыз Ж-тын болуусу да мүмкүн эмес. Ал эми жекечилик, өзгөчөлүктөр Жалпылыктын бөлүгү гана болуп, Жалпылыксыз жашай алышпайт. Жалпылыктын таанып билүүдө чоң мааниси бар. Анын негизинде жекечеликти жана өзгөчөлүктү изилдөөгө байланышкан практикалык милдеттерди туура чечүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]