Жалпы байгерлик

Википедия дан

Жалпы байгерлик - байыркы саясий теория тарабынан жарыяланган (Аристотелдин «Саясат» эмгеги) саясаттын максаттарынын бири.

Жалпы байгерлик тууралуу ой ото эле мазмундуу, ал өзүнө адилеттүүлүктүн, теңдиктин, биримдиктин, коом жана бийлик тарабынан эң маанилүү жалпы максаттарды тандоону жана аларды аткарууну түшүнүү идеяларын камтыйт. Жалпы байгерлик идеясына ар тараптуу саясий ойчулдар, анын ичинде христиандык жана светтиктер да көңүл бурушкан. Ж.б. идеясы XVII-XVIII кк. жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттик долбоорлору даярдалган жана коомдук байгерлик урааны менен биринчи буржуазиялык революциялар башталган мезгилде толугу менен ийгиликтүү ишке ашкан.

XIX к. Жалпы байгерлик концепциясы идеологдордун либерализмди жана демократияны изилдөөлөрүндөгү предмети болгон. XX к. Жалпы байгерлик концепциясы кеңири илимий (саясий, экономикалык, социалдык) жана философиялык изилдөөлөрдүн предмети болуп калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8