Жамбыга секирип жетүү

Википедия дан

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, дарактуу жер.

Оюнда колдонуучу аспаптар. «Жамбы».

Даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Даракка «жамбы» илинет, оюнчулар андан 10—15 м. аралыкта турушуп, шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар кезектери келгенде бирден жүгүрүп келип, асылып коюлган «жамбыга» секирип колу менен жетүүгө аракеттенишет. «Жамбыга» секирип жете албай калганы жыдып, оюндун андан аркы жүрүшүнө жардам берет. «Жамбыга» секирип жеткендерге «жамбы» улам дагы бийиктелип илинет. Оюндун жеңүүчүсү аныкталгыча ушинтип кайталана бериши керек.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асылып коюлган «жамбыга» секирип баш менен жетмей, асылга коюлган «жамбыга» секирип бут менен жетмей.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, ылдамдыкка тарбияланат. Секирүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]