Жамбы атмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн түз жерде, талаада өткөрүлөт.

Оюнда мылтык, жаа, бул колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окчулар узундугу 150—160 метр, туурасы 5—6 метр болгон жол белгиленет, Жолдун сол жагына 25—30 метрдей аралыкка көлөмү 25—30 см бутаны жерден 3—4 метрдик бийиктикке илгенден кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйрук боюнча, оюнчулар бирден аттарын чабып баратып жаа менен илинген бутага атып тийгизүүгө тийиш. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Бутага көп жолу жаа атып тийгизген оюнчу, жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндун башка түрлөрү: жөө жүрүп жамбы атмай, кой көз жамбы атмай, кой туяк жамбы атмай, тай туяк жамбы атмай, уй көз жамбы атмай, чоң кулак жамбы атмай, чочмор жамбы, шаңшур жамбы атмай ж. б.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, бутага жакын турууга, тизишден алып, бутадан башка жакка атууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга ат минүүнүн, жаа атууга ыкмаларын жакшы билген оюнчулар катышышса болот. Оюн өткөрүлүүчү жер, эл жашаган жана турган жерден сырткары болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда ат минүүнүн, чабуунун, жаа атуунун ыкмаларын үйрөтөт, чечкиндүүлүккө, шамдагайлыкка, тең салмакты сактоого, мергендикке, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]