Жанытма

Википедия дан

Жанытма – чакан проза жанры; болуп өткөн (же келечекте боло турган) ишти, кылык-жорукту, факты же окуяны атайын көркөмдөп, образдуу түрдө жандатып, кыйытып айтчу сөз өнөрүнүн салттуу формасы. 1920–30-жылдарда жанытмада жөнөкөй гезиттик кабар менен көркөм чыгарманын белгилери аралаш берилген (жанытма аңгеме, жанытма ыр, жанытма фельетон, жанытма тамсил, жанытма жомок). Адабияттын жалпы идеялык көркөм деңгээлинин көтөрүлүшү менен жанытма өз алдынча жанрдык белгилерге ээ болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1