Жасалма тамактандыруу

Википедия дан
Жасалма тамактандыруу

Жасалма тамактандырууорганизмге тамак заттарын зонд, клизма же инъекция жолу менен венага, кээде териге же булчуңга куюу. Ал өзү тамактана албай же тамак сиңирүү процесси бузулган кишилерге колдонулат. Зонд менен Жаасалма тамактануу адатта бет-жаак жарадар болгондо, кызыл өңгөч тарыганда, тынымсыз кусканда, айрым психикалык жана башка ооруларда белгиленет. Жасалма тамактанууну врач же тажрыйбалуу медсестра жүргүзөт. Тамактын составын, өлчөмүн жана убактысын врач белгилейт.

Анын составына көбүнчө сорпо, сүт, май, чийки жумуртка, мөме ширелери кирет. Тамактануудан бир саат мурда ичегилерди кадимки клизма менен тазалайт. Клизманын жардамы менен көтөн чучук аркылуу негизинен суюктук жана туз куюлат. Тамак заттар венага, териге же булчуңга ичеги-карын аркылуу тамактанууга мүмкүн болбогон учурда куюлат. Бул максатта атайын белоктуу дарылар, май эмульсиялары, ошондой эле глюкоза жана башка кант эритмелери колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8