Жашылча

Wikipedia дан

Жашылча айдалма өсүмдүктөрдүн тамак-аш катары колдонулуучу бөлүгү. Жашылча капусталар, азык тамырлуу, түймөк тамырлуу, уруктуу, чанактуу, томат, салат өсүмдүктөрү, татымал, пияз түп жана башка топторго бөлүнөт. Чоң кишинин тамак рационунун составында суткасына 600 гдан кем эмес жашылча болушу керек. Составы, аш болумдуулугу жашылчанын түрүнө, өстүрүү шартына жараша болот. Жашылчада белок менен май жаныбарлардан алынган тамак-ашка караганда аз болот. Алар углевод, клетчатка, витамин, орг. кислота, минерал заттарга бай болгондуктан тамак катары баалуу. Кишинин тамакка табити жакшырып, тамак сиңирүү безинин секрет иштеп чыгуусун күчөтөт. Жашылчаны көпкө бышыруу, туура эмес сактоо (жылуу, күн тийген жерде) андагы витаминдин азайышына алып келет. Жашылчада суу көп болгондуктан (90—95%) тез бузулат. Ошондуктан узак убакыт сактоо үчүн жашылчаны туздайт, кургатат, консервалайт, тоңдурат. Мындай жолдор менен жашылны сактоодо деле алардагы витаминдер азаят. Булардын ичинен туздоо, тез тоңдуруу, кургатууда витаминдер көбүрөөк сакталат.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8