Жашыл-көл, Лейлек району

Википедия дан

Жашыл-көл, Лейлек районуТүркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы чакан көл. Лейлек районунун аймагында. Ак-Суунун алабында жайгашкан. Ай-Көлдөн 3–4 км түндүк-батыш тарапта. Аянты 0,18 км2. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 2600 м. Көл чанагы өрөөндүн чөгүп кетишинен пайда болгон. Көлгө майда өзөндөр куюп, андан агып чыккан суу Ак-Сууга кошулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1