Лейлек району
Wikipedia дан
| Лейлек | |
| — район — | |
| Лейлек району | |
| Өлкө | Кыргызстан |
|---|---|
| Облус | Баткен |
| Борбору | Исфана |
| Саат аймагы | GMT +5 (UTC+5) |
Лейлек району түштүк-батыш Кыргызстандын Баткен облусундагы район. Борбору Исфана. [1].
[оңдоо] Маалымат каяктан алган
Бир кездерде бул жерге илек-илек байыр алып, мекендеген дешет. Турналардын турагы болгон бул жер кийинчерээк барып, өзү да ушинтип аталып кеткен экен. Илек-илек деп жүрүп, ал акырындап Лейлек деп аталып калыптыр. Лейлектин географиялык абалы да, эли да өзгөчө. Кыргызстанда деңиз деңгээлинен эң төмөн жер да так ушул Лейлекте. Ошол эле убакта Лейлек жергеси чокусу асман тиреген тоолор менен курчалып турат. Табигый чөйрөсү ушундайбы, лейлектикмин дегендин алакан ушалап, бош жүргөнүн көрбөйсүң. Тырмактай жерди да бош койбой, эгин айдап жан багышат. Жараткан, бул калк эмгекчил келет, кандай шартта болбосун жашап кетет дегенби, айтор бул жердин шартын катаал кылып жаратып коюптур.
|
|||||||||||||||||||||||||||||