Жаңгак атмай

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—6 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар. Жаңгактар.

Даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бирден жаңгактарын, катарга тизишип, жаңгак атчу аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар кезектери келгенде, белгиленген аралыктан бирден жаңгактарын коюп турушуп, тизилген жаңгактарга тийгизе атууга аракеттенишет, Эгерде атылган жаңгак, сызыктагы жаңгактардын бирөөсүнө тийсе, ал жаңгакты утуп алат, утулган жаңгактын ээси сызыкка кайрадан жаңгагын койгондон кийин, ошол эле оюнчу аракетин жыдыганча (жаңылгыча) улантат. Эгерде атылган жаңгак тийбесе, оюндун кезеги башкага өтөт. Оюн каалаган убакытка чейин уланат. Кеп сандагы жаңгактарды утуп алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү: сака атмай, чүкө атмай, таш атмай,

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, себепсиз жаңгактарга тийүүгө, жыдыгандан кийин аракетти кайрадан кезексиз улантууга тыюу салынат.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза болушу керек. Ыргытылган жаңгак сызыктагы жаңгактарга таамай тийсе эсеп болот. Башка буюмдарга тийип, тоголонуп барып тийсе, эсепке кирбейт.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, туура болжолдоого, чындыкка, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]