Желаргы, өрөөн

Википедия дан

Желаргы, өрөөнКыргыз Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш тумшугунан орун алып Желаргы суусунун (Чүйдүн сол куймасы) агымы менен түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 17 км ге созулат. Кемин районунун аймагында. Туурасы 2км дей. Деңиз деңгээлинин бийиктиги 1350–2300 м. Өрөөндү курчаган тоолордун капталдары жантайыңкы, кырлары тайпак, чокулары өрөөндүн таманынан 1000–1100м көтөрүңкү. Желаргы өрөөнүнүн башы кууш, аягы кенен тартып, Чүй өрөөнүнө өтөт. Негизинен төртүнчүлүк мезгилинин жана миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, шагыл, чопо, кум тектеринен турат. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орточо температурасы 17 °С , январдыкы —8°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм.

Жарым чөл жана кургак талаа (2000м ге чейин), бетегелүү талаа жана айрым жерлеринде шалбаалуу талаа алкактары басымдуу.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004 ISNB

Интернеттен шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]