Желмогуз кемпир (оюн)

Википедия дан

Шарттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга катышуучулардын саны 5—15 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Желмогуз кемпир» шайлангандан кийин (үй) жана ойнолуучу аянтча сызылат» Катышуучулар аянтчадан, «желмогуз кемпир» аянтчанын сыртынан орун алат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар аянтчада турушуп ар түрдүү оюндарды ойношуп, бийлешип, ырдашып, жомок айтышып жатышып улам-улам «желмогуз кемпир» жакындап келбес үчүн аны карашып турушат. Эгерде «желмогуз кемпир» жакындай баштаса, оюнчулар «желмогуз кемпир» келе жатат деп «үйдүн» көздөй качышат. Эгерде «желмогуз кемпир» качып бараткан оюнчулардын бирөөсүн «үйгө» киргиче кармап алса оюнчу «желмогуз кемпир» менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип, оюн каалаган убакытка чейин уланат. «Желмогуз кемпирге» кармалбаган оюнчу бул учурда жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Желмогуз кемпир» кезекте туруп кайра «үйгө» кирүүгө болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси. Ылдамдыкка, бир нерсеге көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]