Жергиликтүү кеңештер

Википедия дан

Жергиликтүү кеңештер – тийиштүү аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпы, тең, тике жана жашыруун добуш берүү менен калк тарабынан 4 жылга шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүк органдары. Жергиликтүү депутаттарды шайлоо процессинин жүрүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде аныкталат. Биздин өлкөдө жергиликтүү Кеңештердин үч деңгээли бар: баштапкы, базалык жана облустук. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 92-статьясында белгиленгендей: жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү кеңештер аркылуу ишке ашырылат. Жергиликтүү кеңештердин бардык деңгээлдери юридикалык жак болуп эсептелет да өзүнүн компетенциясына кирген бардык суроолорду өз алдынча чечүүгө укуктуу. Чет өлкөлөрдө жергиликтүү өкүлчүлүк органдардын бир нече түрлөрү бар. Эреже катары жергиликтүү өкүлчүлүк органдар төмөнкү жана ортоңку деңгээлдерде түзүлөт. Төмөнкү деңгээлде – бул айыл башчылары – Польшада солтыс, Болгарияда Индонезияда жана Таиландда айылдык жана шаардык кварталдардын башчылары. Өзбекстанда айыл менен кыштактардын, шаардык махаллалардын төрагалары (аксакалдары) жана алардын кеңешчилери, Казакстанда маслихаттар жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9