Жер астындагы темир жол

Википедия дан

Жер астындагы темир жол - метрополитен – жердин асты менен жүргүнчү ташуучу темир жол системасы. Ачык ыкма менен курулган биринчи жер астындагы темир жол 1863-ж. Лондондо ачылып, жүргүнчүлөрдү Пэддингтондон Фэррингтонго ташыган. Бул линияда көмүр менен иштеген буу локомотивдери жүргөн. Бир топ тереңдикте курулган алгачкы жер астындагы темир жол 1890-ж. Англияда Сити менен түштүк Лондонду туташтырган. Бул линия менен электр локомотиви жүргөн. Жер астындагы темир жол Будапештте 1896-ж., ал эми Бостондо (АКШ) 1895–97-ж. ачылган. 1898-ж. Париж метросун куруу башталган. Мындай транспорттук система тез эле дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында курула баштады. 1932-ж. курула баштаган Москва метрополитени эң ири жер астындагы темир жол болуп эсептелет. Ал азыркы учурда күнүнө 6,5 млндон ашык жүргүнчү ташыйт. Айрым линияларда поездди башкаруу автоматтык түрдө ишке ашырылат. Париж метросунда жана анын долбоору менен салынган башка шаарлардагы жер астындагы темир жолдо поезд рельс менен эмес, бетон аркылуу жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1