Жетелемени

Википедия дан

Жетелемени (бүчүрү бар бутакты) энелик өсүмдүктөн ажыратпай, жерге ийип топурак менен көөмп коюп, тамыр байлап өсүп чыккандан кийин энелик өсүмдүктөн ажыратып, өзүнчө отургузат. Жетелемелери аркылуу сирень, шилби, дан куурай, калина жана башка көп өсүмдүктөр көбөйөт. Калемчелеринен көбөйтүүдө өсүмдүктүн белгилүү шартта тамыр байлооого (сабак, жалбырак) же бүчүрлөөгө, (тамыр) жөндөмдүү бөлүктөрү пайдаланылат. Сабак калемчелери менен жүзүм, карагат, тал, жасмин, тамыр калемчелери менен дан куурай, алма жана башка көбөйтүлөт. Жалбырак калемчелери менен да көбөйүүчү өсүмдүктөр бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]