Жети-суу капкасы

Википедия дан

Жети-суу капкасы - Жуңгар өткөөлү – Жети-Суу (Жунгар Ала-Тоосу (батышында) менен Барлык жана Майлы-Тоо кырка тоолорунун (чыгышында) аралыгындагы өткөөл. Россиянын Кытай менен чек арасына жакын. Балкаш – Ала-Көл өрөөнүн Жети-Суу (Жуңгар) түздүгү менен туташтырат. Узундугу 50 кмдей, эң кууш жери 10 км, бийиктиги 300–400 м. Жарым чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Илгертен көчмөндөр кеңири пайдаланып келген. Жети-суу капкасы аркылуу Актогай – Дружба темир жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1