Жеңиш Жунушалиев

Википедия дан
Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жеңиш Жунушалиев (1935-2016).

Жунушалиев Жеңиш (1935-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы - 04.05.2016, Бишкек шаары) – тарых илимдеринин доктору (1993), профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңиш Жунушалиев 1935-жылдын бештин айынын (декабрынын) 24үндө Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Корумду айылында туулган.

Анын эмгек жолу 1954-жылы Каракол шаарындагы Мугалимдер институтун аяктагандан кийин, айылдык жети жылдык мектептин мугалими болуп иштөөдөн башталган.

1955-1960-жылдары Жеңиш Жунушалиев Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) Тарых факультетинен таалим алган.

Орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы жана партиялык жооптуу кызматтарда иштеген.

Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директору, Кыргыз Республикасынын элге билим берүү министрлигинин окуу-усулдук кабинетинин директору, Кыргызстан УИАнын коомдук илимдер боюнча окумуштуу катчысы.

1997-жылдан 2014-жылга чейин КР УИАнын Тарых институтунун директору.

Ардагерликке өз ыктыярдыгы менен чыккан.

2016-жылдын бугу (май) айынын 4үндө саат 23:07де Бишкек шаарындагы батиринде дүйнөдөн кайткан. Бугу (май) айынын 6сында Кыргыз Өкмөтүнүн жетекчилиги маркумдун сөөгүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюу тууралуу чечим чыгарган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөлөрү бугу (май) айынын 7синде өттү. Оболу үйүнөн жаназа окулуп, андан соң КР УИАсынын башкы имаратында акыркы сапарга узатуу жыйыны өттү. КР УИАнын президенти Абдыганы Эркебаев, ж.б. окумуштуулар чыгып сөз сүйлөштү.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган соң, калайык "Элим" ресторанында маркумга багыштап куран окутушту.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

400 ашык илимий эмгектердин автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө арналган.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери; илимге эмгек сиңирген ишмери.

Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент-мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Эмгектеринин тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Джунушалиев Дж. Время созидания и трагедий 20-30-е годы ХХ века. 1993. - Докт. дисс.
  • Джунушалиев Дж. Время созидания и трагедий в 20-30-е годы ХХ в. - Б.: Илим, 2003. - 256 c.

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. - 499 с. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Кыргыз тарыхы: Энциклопедия / Жооптуу редактор А.Асанканов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2003. – 464 б.: сүрөт. – ISBN 5-89750-150-5.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]